Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Жогорку соттун төрайымы Бакирова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Нургүл Бакирова.
Нургүл Бакирова.

Жогорку соттун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Нургүл Бакирова президентке кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу арыз жолдоду. Ал мындай кадамга эмнеден улам барганы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Бакирова бул кызматка былтыр апрелде шайланган жана ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеп турган.

Нургүл Бакирова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен катышкан. Аны менен кошо шайлоого катышкандардын айтымында, ал "Ата Мекенге" "Улуттар Биримдиги" партиясынын квотасы аркылуу келген.

Жогорку соттун судьясы катары Бакирова коомчулуктун калың катмарына эки жыл мурдагы октябрь окуяларынан кийин тааныла баштаган. Анда 2020-жылдын 6-октябрында абактан тарапкерлери бошотуп чыккан Садыр Жапаровдун "адамды барымтага алуу" беренеси боюнча мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти сотко чейинки өндүрүшкө Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Жогорку сотко төрайымы болуп шайланганын ушул чечими менен байланыштыргандар болгон, бирок аны Бакирова четке кагып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG