Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Мадумаров акыркы саясий окуялар боюнча комментарий берди


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров өзү жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди.

Саясатчы өзүнө жана партиянын мүчөсү Мирлан Ураимовго тагылып жаткан айыптар негизсиз экенин айтып, аларды жалган жалаа деп баалады. Бийликти жарандарга бирдей мамиле кылууга чакырды.

“Эгерде блогерлердин оозун тыябыз десеңер “оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып аткан” азаматтарга эмнеге көңүл бурбайсыңар? “Керек болсо кээ бир инсандардын башын жарып кетиш керек, үйүн өрттөш керек” деген жигиттерге эмне үчүн көңүл бурбайсыңар? Же алардын кожоюну өзүңөрсүңөрбү?”, - деди Мадумаров

Адахан Мадумаров 10-февралда протокол ишине байланыштуу өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтып, муну саясий куугунтук катары баалаган. Башкы прокуратура 11-февралда бул маалыматты четке кагып, Адахан Мадумаров азырынча күбө катары эле өтүп жатканын билдирди.

10-февралда башкы прокурор депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Буга байланыштуу парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, алар маселени бир айдын ичинде карап чыкмай болду.

Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта Башкы прокуратурада күбө катары бир нече жолу сурак берген.

Ал 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Президент Садыр Жапаров 17-январда “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыпталып, 10-февралда эки айга камалды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG