Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:59

COVID-19: Канада - АКШ чек арасында айдоочулардын нааразылык акциясы күчөдү


Канада-АКШ чек арасындагы акция. 10-февраль 2022-жыл
Канада-АКШ чек арасындагы акция. 10-февраль 2022-жыл

Канада - АКШ чек арасында коронавирус чектөөлөрүнө каршы болгон жүк ташуучу машинелердин айдоочуларынын нааразылык акциясы күчөдү. Бир нече күндөн бери алар чек арадан өтүү үчүн COVID-19 илдетине каршы эмделген деген документтин талап кылынышына, башка бир катар чектөөлөргө каршы чыгышууда.

Айдоочулар кан жолдорду тосмолоп жаткандыктан эки өлкөдө тең машине чыгаруучу компаниялар заводдорду жаап же өндүрүштү кыскартууга аргасыз болууда.

Канаданын Виндзор шаарын америкалык Детройт менен туташтырган Амбассадор көпүрөсү буулуп турат. Саясатчылар блокаданын экономикалык залакасы тууралуу эскертишүүдө. Көпүрө эки өлкөнү байланыштырган маанилүү пункт. Ал аркылуу сооданын 25% өтөт.

Парламент депутаттарынын бири "коронавируска байланышкан чектөөлөр эмне үчүн алынбай жатат" деп сураганда, премьер-министр Жастин Трюдо өкмөт “илимий маалыматтарга таяна берерин” кайталады.

АКШ бийлиги ушул өңдүү акциялардын ыктымал кесепеттерге даярданган. Ал эми Европанын бир катар өлкөлөрүндө жолдорду тороого тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG