Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

"Котормо менен коомду агарткым келет"


Кубантай Эрназаров.

Дүйнөлүк жазуучулар Эрнест Хемингуэй, Уильям Фолкнер, Ясунари Кавабата жана башка классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которуп, өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргыз окурмандарына сунуштап келе жаткан Кубантай Эрназаров "Азаттыкка" маек курду.

Ал учурда Москва шаарындагы Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда эмгектенет.

- Кубантай мырза, соңку жылдары дүйнөгө аты чыккан жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп жүрөсүз. Адабият күйөрмандары бул аракетиңизди жылуу кабыл алууда. Билишимче, котормочулук бул сиздин хоббиңиз?

- 2019-жылдан баштап батыш жана чыгыш адабиятынан бир нече чыгарманы кыргызчаладым. Так санын өзүм да билбей калдым. Ага чейин деле үч-төрт чыгарманы которуп, кагазда сактап жүргөм. Анан социалдык тармактар жанданды. Ар бир колдонуучу коомдогу ар кандай көрүнүштөргө пикирин билдире баштады. Алардын арасында мен да бармын. Бирок, мен пикирди ушул котормо аркылуу билдирем десем болот. 1991-жылы эгемендик алгандан бери Кыргызстан экономикалык, саясий кризисти баштан кечирип келет. Мунун айынан коомдо ар кандай терс көрүнүштөр күч алды. Үч жолу төңкөрүшкө күбө болдук. Булардын баары жүрөктөн өттү. Мындайча айтканда, котормочулук - менин жарандык позициям. Анткени, мен тандаган чыгармалардын өзөгүн адеп-ахлак, тарбия, адамдык баалуулуктар түзөт. Азыр көптөгөн замандаштар коомду рухий, маданий жактан агартуу максаты менен чыгып атпайбы. Мен болсо агартуу ишине котормочулук менен салым кошкум келет.

- Менин байкашымча, сиз жапон адабиятына кызыгасыз. Ноябрь айында Юкио Мисиманын бир чыгармасын котордуңуз эле. Андан тышкары Ясунари Кавабатанын көптөгөн чыгармаларын кыргызчалап жатасыз. Ар бир котормоңузга көз салган окурман катары сурагым келет, жапон адабияты сизди кандайча кызыктырып калды?

- Адабият деле, илим деле философиянын негизинде өнүгөт да. Жапон адабиятынын көбү чыгыш дүйнө таанымына негизделгенин байкадым. Өзүнө мистикалык, этика жана эстетикалык, диний, адамды тааныган психологиялык элементтерди камтып турат. Бул айрыкча, Ясунари Кавабата, Рюноскэ Агутагаванын эмгектеринен байкалат. Чыгыш философиясында адам табияттын бир бөлүгү катары каралат эмеспи. Кавабатанын чыгармаларында ушул көз караш басымдуу. Ал адамды табияттан ажыратпай, табияттын бир бөлүгү катары берет. Менин өзүмдүн көз карашым да чыгыш философиясына жакын. Адамды дагы, коомду дагы жаратылыштын, анын ичинде космостун бир бөлүгү деп эсептейм.

- Ошол эле маалда адамдын акылы табиятты талкалаган күчкө да ээ экенин тана албайбыз да...

- Мен өткөн жайда америкалык жазуучу Рэй Брэдберинин “Бир күндүк жай” деген фантастикалык чакан аңгемесин котордум. Анда Жердин жашоочулары Чолпонго учуп барып, жашап калат. Башка планетадагы түйшүктөр менен катар, Жер шарынын керемети, аны адамзат баалай билсе, жашоо бейиш экени баяндалат. Брэдберинин бул аңгемесинде илимий негиз бар. Акыркы отуз жылдан бери илимде экзопланеталар тууралуу кызуу талкуулар жүрүп келет. Брэдбери бул чыгармасын экзопланеталар тууралуу түшүнүк пайда боло элек кезде жазган.

- Сиз айткандан кийин Брэдберинин ушул чыгармасын окуйт окшойбуз. Бул автордун башка чыгармаларын да которууга аракет кылып көрдүңүзбү? Айталы, айтылуу “Каакым шарабын”...

- “Каакым шарабын” орусчадан которушканбы же түп нускаданбы айтор мага чейин эле кыргызчалап, китеп кылып чыгарышкан экен. Ошол себептүү ал чыгармасына басым кылган жокмун.

- Сиз батыш адабиятынан Эрнест Хемингуэйдин көп аңгемелерин котордуңуз. Сизге кандай билбейм, бирок мен үчүн бул автордун чыгармалары өтө татаал, чыныгы интеллектуалдар үчүн жазылгандай сезилет... Жеңил, тез баюуну, ийгиликтүү болууну үйрөткөн чыгармалар популярдуу болуп жаткан доордо болбой эле бул авторго кайрылып жатканыңыздын бир себеби болсо керек?

- Эрнест Хемингуэй батыш адабиятынын дөө-шаасы эмеспи. Ал тууралуу кеңири айта турган болсок, убакыт түтпөйт. Кыскача токтоло кетсем, Хэмингуэй дүйнөнү кабыл алуунун өздүк кодексин иштеп чыккан да. Ар бир чыгармасында күтүүсүз, чиелешкен кырдаалдагы адамдын адеп-ахлагын, адамдык сапатын, адамдык деңгээлин талдап берген. Ар бир чыгармасы менин жогоруда айткан жарандык позицияма жакын. Ошол себептүү бул авторго көбүрөөк кайрылдым. Хемингуэйдин өзгөчөлүгү – анын стили. Айталы, Рюноскэ Агутагава, О.Генринин чыгармаларында финалдык аяктоо бар. Бир сүйлөм менен күтүүсүз бурулуш жасап же күтүүсүз өңүттө аңгемени аягына чыгарат. Алар ошонусу менен кызыктуу. Ал эми Эрнест Хемингуэй айсберг теориясы менен жазат. Мында жазуучунун айтайын деген ою подтексттерде катылган болот. Ошол себептүү анын чыгармаларын которгондо окурмандарга түшүнүктүү болсун деп аягына атайын адабий нускаларды да жазам. Чындыгында Хемингуэй адамды ойлонууга түрткөн, маанисин түшүнүүнү талап кылган чыгармаларды жазган. Ага бардык эле адамдын тиши өтө бербеси анык.

- Сиз дүйнөлүк чыгармаларды түп нускадан которосузбу же орус тилиненби?

- Эгерде менин көңүлүмө жаккан болсо мен аны англис тилинен эле котором. Биздин тилибизге жакын казакчадан Мукагали Макатаевдин ырларын, өзбек жазуучуларынан Абдулла Каххардын чыгармаларын котордум. Жапон адабиятын тилекке каршы, орус тилинен кыргызчалайм. Ошол которуп аткан маалда жапон тилин үйрөнүүнү каалап да кетем. Жаш өтүп калды, кайдан эми... Мен англис тилин адис катары эмес, илимий макалаларды жазганым үчүн үйрөнгөм. Италияда эки жолу стажировкада болуп, ал жактан да англисче окугам. Аз да болсо тажрыйба бар. Бирок англис тили мен үчүн бир аз татаалыраак. Ошол себептүү чыгарманы бул тилден которуу көбүрөөк убакытты алат десем болот.

- Сиз азыр миңдеген журтташтардай эле Москва шаарында турат экенсиз? Ал жакта эмне жумуш кыласыз?

- Москвадагы Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институту бар. Ошол жерде физика кафедрасында лектормун. 2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин аяктагам. 2006-жылы ошол эле университетте мугалим болуп иштегем. 2006-2014-жылга чейин Бишкектеги Илимдер академиясында, андан кийин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КГУСТА) иштедим. 2014-2016-жылдары ушул РУДНде магистратурада окудум. Андан кийин аспирантурага кабыл алынып, кандидаттык диссертацияны жактаганга бир жылда эле мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анан “Биздин кафедрада эле иштеп калбайсыңбы?” деген сунуш түштү. Гравитация жана космология мектеби күчтүү экенин жана менин илимий ишиме жакындыгын эске алып, Москвада калууга туура келди. Учурда бул шаарда үй-бүлөм менен турам.

- Илимпоз катары көркөм адабиятты эле эмес, дүйнөлүк окумуштуулардын таанымал эмгектерин да которуу оюңузда бардыр?

- Мен өзүмдүн багытым болгондуктан салыштырмалуулук теориясын, ошондой эле гравитация жана космология (ааламдын жаралуу модели) боюнча эмгектеримди кыргызча жазгым келет. Мен билгенден буга чейин математика же физика боюнча авторлордун кыргызча жазган эмгектери көп эмес. Кыргызстанда туулуп-өскөн адам катары студенттер, аспиранттар үчүн өз багытым боюнча эки же үч китеп жазып калтырып кетсем деген тилегим бар.

- Биздин мугалимдер “Математик дилинде акын болушу керек” деп айтышчу эле. Сиздин илимий ишиңиз да космосту изилдөөгө арналган экен. Балким, келечекте илимий-фантастикалык чыгармаларды жазууну да ойлонуп жүрсөңүз керек?

- Ооба, жаратылыш математиканын тили менен сүйлөйт дешет. Эргүү поэзияда кандай керек болсо, геометрияда да так ошондой керек экен. Бул маселе мени ойлондуруп жүрөт. Себеп дегенде дүйнөнүн мындан аркы өнүгүшү боюнча ар кандай илимий да, диний да пикирлер бар. Мен алардын көбү менен макул эмесмин. 1000-2000 жылдан кийин Жерде кандай жашоо болот, адамзатты кандай тагдыр күтүп турат? Ушул боюнча өзүмдүн ой жүгүртүүлөрүмдү колдонуп, илимий макала жазсамбы деп да жүрөм. Андан тышкары ушунун негизинде илимий-фантастикалык жанрдагы чыгармаларды жаратсамбы деген ниет бар.

- Тилегиңиз орундалсын. Жанараак Рэй Брэдберинин чыгармасын которгонуңузду айтып өттүңүз. Бирок илим өнүкпөсө, фантастикалык чыгармалар да жазылбайт дешет го.

- Илимий-фантастикалык чыгармалар менен илим адамдын эки бутундай эле. Алдыга бирде сол, бирде оң бут ташталат дегендей. Ошол илимий ачылыш жасалганга чейин эле айрым фантаст жазуучулар кандайдыр бир процесстин жүрүшүн өз чыгармаларында баяндап койгон учурлар кездешет. Мисалы, Жюль Верн чыгармаларын жазганда учак, суу астында жүрүүчү кемелер жок эле да. Кээде чыгармалар илимий ачылыштарга негизделип жазылышы мүмкүн. Бирде адабий чөйрө илимден озсо, кээде илим озот дегендей.

- Сиз Орусияда жашап аткандан кийин ал жактагы жаңы чыгып жаткан авторлордун чыгармаларына да көз салып турасызбы? Аларды кыргызчага которуу ниетиңиз барбы?

- Орус адабияты бизде жетиштүү эле которулуп жатат. Буга чейин деле которулуп келген. Бизге мурда дүйнөлүк жазуучулардын чыгармалары орус тилинен которулган экен. Алардын да советтик идеологияга жакындары гана саясаттын кийлигишүүсү менен которулуп келсе керек. Ошол себептүү дүйнөлүк берметтерди түп нускадан которгонум пайдалуураак болобу деп ойлодум. Англис тилдүү авторлорго ыктаганым ошондон. Ал эми жапон жазуучулардын чыгармаларына кайрылганым мага башынан эле чыгыш философиясы жакын.

- Котормо өнөрү акыркы беш-алты жылда жанданганы байкалат. Бирок бул ишке көбүнчө сиздей ыктыярчылар, айрым басма үйлөрү гана көңүл буруп жатат. Адабиятчылар бул тенденцияга оң баасын бергени менен кесипкөй котормочулар жетишпей жатканы да айтылып келет.

- Адабиятта болобу, илимде болобу, спортто болобу биз эч качан сыртка чыкмайынча, эл аралык аренага аралашмайынча ошол чөйрөдө жүргөн адамда өнүгүү болбойт. Котормонун болуп турганы жакшы. Биринчиден, бул тажрыйба алмашуу. Чыгармачыл адам кайсы бир аңгемени өз эне тилинде окуса, жакшы таасир алат. Экинчиден, ошол котормого таасирленип, биздин кыргыз жазуучулар азыр болбосо мындан он же 50-60 жылдан кийин бир шедевр жаралып калышы мүмкүн. Сизге бир мисал айтып берейин, мен Эдгар Аллан Понун “Чыркыраган жүрөк” деген чыгармасын түп нускадан которгом. Анын тарыхына кайрылып көрсөм, ошол чыгарма жарык көргөндөн 50 жыл өткөндөн кийин орус жазуучусу Достоевский “Кылмыш жана жаза” романын жазыптыр. Дагы 50 жыл өткөндөн кийин жапон жазуучусу Рюноскэ Агутагава “Күмөн” деген аңгемесин жазган. Албетте бул чыгармалар плагиат эмес, бирок Эдгар Понун чыгармасына идеясы үндөш. Экинчи мисал, Гоголдун “Мурун” деген сатиралык повести бар. Бул чыгарма жазылгандан 100 жыл өткөндөн кийин Рюноскэ Агутагава дагы “Мурун” деген сатиралык аңгемесин жазып атпайбы. Бирок маанисин салыштыра келсек, Гоголдукуна караганда алда канча жакшы чыккан. Айтайын дегеним биз которуп, кыргыз адабиятынын казынасына киргизип жаткан чыгармалар келечекте бир жазуучуга чоң эргүү бериши мүмкүн. Биз азыр “Чыңгыз Айтматов кетти, эми Нобелге татыктуу жазган калемгерлер чыкпайт” деп үмүттү үзбөшүбүз керек. Үмүтсүз шайтан дешет эмеспи.

- Котормочу катары көбүнчө кандай авторлордун чыгармаларын тандап аласыз?

- Тарыхта аты анча чыкпаган жазуучулар жашап өткөн. Ар бир өлкөдө, ар бир континентте. Бирок автор атактуу болбогондуктан, чыгармасы канча мыкты жазылбасын белгисиз бойдон калган. Мен ушуну изилдеп көрдүм, котормочулук ишимдин максаты да ушул болду. Өзбекстандык кыргыз бала менен чогуу окуган элем. Андан сурасам “Абдулла Каххар аттуу жазуучуну “өзбек адабиятынын Чехову” дешет, анын чыгармаларын байкап көрбөйсүңбү?” деп калды. Карап көрсөм, чоң чыгармаларын да, майда аңгемелерин да кызыктуу жазат экен. Мындан бир жарым жыл мурда “Мейиз жебеген аял” деген чыгармасын которуп, "РухЭш" сайтына чыгаргам. Окурмандар абдан жылуу кабыл алган. “Анар”, “Уул” деген чыгармалары да мыкты экен. Азыр эми англис тилдүү атактуу эмес, бирок шедевр жараткан авторлорду издеп жүрөм. Өзүм иштеген Элдер достугу университетиндеги чет өлкөлүк студенттерден да сурасамбы деп ойлогом.

- Андай авторлорду кыргыз адабиятынан да байкай алдыңызбы?

- "РухЭш" сайтынан Райкан Шүкүрбековдун “Жол” деген чыгармасын окуп, аябай таасирленгем. Мидин Алыбаевдин дагы чыгармалары бар экен. Кыргыз жазуучуларынын дүйнө билбеген, бирок шедевр деген атка татыктуу чыгармалары көп эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG