Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Кремл Путин менен Байден телефондон сүйлөшөрүн билдирди


Кремлдин маалыматында, бүгүн, 12-февралда Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Жо Байден телефондон сүйлөшөт. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, сүйлөшүү демилгеси АКШга таандык.

Буга чейин эки президенттин сүйлөшүүсү ыктымал экенин Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан жума күнү, Ак үйдөгү брифинг учурунда билдирген. Ал мамлекет башчылары Украинанын тегерегиндеги маселени талкуулай турганын айткан.

Салливан Орусия Украинанын аймагына Бээжиндеги Олимпиада оюндары учурунда кол салууга даяр экенин, бул иштерди аяктоо 20-февралга белгиленгенин айткан. АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалыктарга Украинадан мүмкүн болушунча тез, жакынкы 48 сааттын ичинде чыгып кетүү кеңешин берди.

Брифингге аз калганда NBC News жана PBS телеканалдары президенттик администрациядагы жашыруун булактарга шилтеме жасап, Орусиянын Украинага кол салуусу келерки жуманын башында болушу мүмкүн экенин кабарлашты. Салливан бул маалыматты ырастаган жок.

Путин менен Байден телефон аркылуу акыркы жолу 2021-жылдын соңунда сүйлөшкөн. Өткөн жылдын июль айында Женевада жолугушкан.

Москва Украинага кол салуу ыктымалдыгын четке кагып келет. Орусия колдогон Украинанын чыгышындагы жикчилдердин лидерлери Киев алардын позицияларына каршы чабуулга даярданышы мүмкүн деп эсептешет. Киев муну четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG