Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйөрүн айтты


Бюджеттен каржылана турган кызматкерлердин эмгек акысын ушул жылдын апрель айынан тартып көтөрүү пландаштырылып жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-февралда Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди. Ал бюджет, салык жана финансы саясатынын сапаты ар бир мамлекеттин ырааттуу жана динамикалык өнүгүүсүн аныктай турганын белгилегенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Өткөн жылы аймактарды өнүктүрүүгө, жөлөк пулдарды, айлыкты жогорулатуу аркылуу социалдык чөйрөнү колдоого, куралдуу күчтөрдү заманбап аскердик техника менен жабдууга ири каражат бөлүндү. Анын кайтарымы коом үчүн сезилерлик болууга тийиш. Өлкөбүздүн ар бир жараны бул өзгөрүүлөрдү сезиши керек", - деген Жапаров.

Өкмөт башчы бюджеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун түп-тамырынан бери жакшыртуу зарылдыгын айтып, тышкы карыздын белгилүү бөлүгү 2023-жылы төлөнө турганын кошумчалады.

2021-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100% көбөйтүлгөн, бирок индикатор боюнча кошумчалары алып коюлган. Медицина тармагынын башка кызматкерлеринин айлыгы июль айында 50% жогорулаган.

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы былтыр жыл соңунда 416 млрд. сомдон (4 млрд. 921 млн. доллар) ашты, бул сумманын 85% тышкы, 15% ички карыз. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG