Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

АКШ, Жапония жана Нидерланд өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды


Киев.
Киев.

Жапониянын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Украинанын аймагынан биринчи мүмкүнчүлүк болору менен чыгып кетүүгө чакырды.

Токио жапондор үчүн Укриананын калктуу конуштарында болуу коркунучунун деңгээлин төртүнчү, эң жогорку чекке чейин көтөрдү. Нидерланддын Киевдеги элчилиги дагы ушундай билдирүү жасады. Мындай билдирүүлөр АКШ президенти Жо Байден Орусиянын кол салуу коркунучунан улам өз жарандарына кайрылып, Украинадан тез арада чыгып кетүүгө чакыргандан көп өтпөй жасалды.

"Америка жарандары токтоосуз кайтышы керек", - деп билдирген Байден NBC телеканалындагы интервьюсунда. "Биз террордук уюм менен эмес, дүйнөдөгү эң чоң армиялардын бири тууралуу айтып жатабыз. Бул жагдай башка жана баары тез эле көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн ", - деп түшүндүрдү америкалык президент.

Байден кандай шарт болбосун, Орусия басып кирген учурда америкалыктарды куткаруу үчүн дагы Украинанын аймагына аскер жөнөтпөй турганын билдирди.

"Бул дүйнөлүк согушка айланат. Америкалыктар менен орусиялыктар бири-бирине ок чыгара баштаганда, биз такыр башка дүйнөдө болобуз", - деп белгиледи АКШ президенти.

Мурдараак АКШнын Мамлекеттик департаменти АКШ жарандарына Орусиянын басып кирүү коркунучунан жана COVID-19га байланыштуу Украинадан мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүү кеңешин берген.

Мунун алдында The Wall Street Journal америкалыктарды Польшадан алып чыгып кетүү планы жактырылганын, ал жакка жарандар Украинадан өздөрү бара турганын жазган.

Киевден дипломаттардын үй-бүлөсүн эвакуациялоо тууралуу Израил дагы билдирген. Politicoнун журналисти Якоб Ханке Вела "Твиттердеги" баракчасында бир нече булакка таянып, Евробиримдиктин айрым кызматкерлери дагы көчүрүлүп жатканын жазган.

Кечээ Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ТИМ Киевдеги дипломатиялык миссиянын айрым кызматкерлерине Украинадан чыгып кетүүгө кеңеш бере турганын билдирген. Ал мындай кадамды АКШ менен Британия Украинанын аймагында кандайдыр бир чагым даярдап жатат деген кооптонуу менен түшүндүргөн.

Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин "Московский комсомолец" гезитине курган маегинде кандайдыр бир тышкы күчтөр Украинаны Донбасска чабуулга түртүп жатат деп божомолдоду.

Батыш өлкөлөрү былтыр күз айынан бери Украинанын чек арасына жакын 120 миңдей орус аскерлеринин топтолушунан кооптонуп жатат. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматында, Орусия жакын арада Украинага кол салышы ыктымал. Москва бул маалыматты четке кагып, аскерлердин чек арага жакын жайгашуусун машыгуу менен түшүндүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG