Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Путин менен Лукашенко апта соңуна чейин жолугушат


Александр Лукашенко менен Владимир Путин. Иллюстрациялык сүрөт.
Александр Лукашенко менен Владимир Путин. Иллюстрациялык сүрөт.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко жана Орусиянын президенти Владимир Путин ушул апта ичи жолугуп, биргелешкен билдирүү жарыялашат. Бул тууралуу 14-февралда Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго таянуу менен орусиялык ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Лукашенко да дүйшөмбү күнү журналисттерге комментарий берип жатып, жолугушуу болорун ырастады. Ал Путин менен Беларустан аскерлер качан жана кандай жагдайда чыгарылып кетерин сүйлөшөрүн тактады.

10-февралда Беларуста Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуу башталган. Ал 20-февралга чейин уланары айтылган. Ага катышкан жоокерлердин жана техниканын саны айтылган жок.

Орусия кошуна өлкөгө зениттик-ракета комплекстерин, истребител, башка согуш учактарын, замбирек дивизионун жөнөткөн.

Мындай кадам орус аскерлери украин чек арасына жакын топтолгон учурда болуп жатканы Батыш өлкөлөрүнүн чочулоосун күчөткөн.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошууну тездетүү маселеси былтыр жайда каралган. Андан кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, ага каршылык билдирген.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Чыңалуу жыл башынан бери курчуп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG