Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Тажикстанда ондогон кыргыз жараны соттолду


Дүйшөмбүдөгү абак. Иллюстрация.
Дүйшөмбүдөгү абак. Иллюстрация.

2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолду.

Камакка алынгандардын Кыргызстандагы туугандары парламентке кайрылып, жардам сурашкан. Мамлекеттик органдар бул жаатта иш кылдат жүрүп жатканын билдиргени менен эки өлкөнүн сууп кеткен мамилесинен улам жарандарды өткөрүп алуу мүшкүл болууда.

Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан үйлөнгөн кыргызстандык Айбек Махмудов 2021-жылдын апрелинен бери кошуна өлкөдө абакта жатат. 35 жаштагы Айбек келинчегин алып келгени барганда "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деп камалганын тууганы Рухидин айтып берди:

“Беш жылга кесилген. Дүйшөмбү шаарындагы түрмөдө отурат. Жолдор жабык, бара албайбыз. Телефон аркылуу Тажикстандагы тааныштардан сурап турабыз”.

Айбектин беш баласы бар, алар Кыргызстандагы туугандарынын колунда.

Кыргызстандык ондогон жаран 2021-жылы Тажикстанда соттолгону тууралуу Согд облустук сотунун төрагасы Бахтиёр Окилзода 15-февралда Кожент шаарындагы басма сөз жыйынында билдирген.

“Кармалгандарга байланыштуу чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренеси менен 27 кылмыш иши козголгон. Мыйзам бузгандар ар кандай мөөнөт менен жазага тартылышты”, - деди Окилзода.

Ал кармалгандардын арасында чек ара жаңжалына катышканы үчүн соттолгон кыргыз жарандары жоктугун кошумчалады. Окилзода бир гана Согд облусунда соттолгондор тууралуу сүйлөдүбү же республика боюнча эсепти айттыбы, беймаалым.

Кыргыз-тажик чек арасы. Тажикстандык жоокер. Май, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. Тажикстандык жоокер. Май, 2021-жыл.

Кыргызстандын президентинин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстанда он кыргызстандык жаран кармалып турганын быйыл 15-январда билдирген.

“Азаттык” кошуна өлкөдө камакка алынган кыргызстандыктардын бир тобунун туугандары менен байланышты. Малыматтарга караганда, айрымдары эки, кээ бирлери беш жылга чейин кесилген. Көпчүлүгү мурда Тажикстанда жашап, кийин Кыргызстанга көчүп келгендер же ал жакта туугандары бар жарандар.

Мамлекеттик мекемелер соттолгондорду бошотуу иштери кылдат жүрүп жатканын, коопсуздук маселесинен улам маалыматтар ачыкка чыгарылбай турганын билдиришти.

Кошуна өлкөдө ар кандай себептер менен камалып калгандардын жагдайы парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана миграция комитетинин төрагасы, депутат Жанарбек Акаевдин айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Башкы прокуратурага жана Тышкы иштер министрлигине кайрылуу жөнөтүлгөн.

“Башка мамлекеттерде соттолгондорду өз өлкөсүнө өткөрүп берүү боюнча 1998-жылкы эл аралык конвенция бар. Ага Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы кошулган. Конвенциянын 3-беренесине ылайык, соттолгондор, алардын камалган жери тууралуу дипломатиялык мекемелерге маалыматтар берилиши керек. Бирок Тажикстан аны аткарган жок. Азыр кошуна өлкөгө жаңы элчи дайындалышын күтүп жатабыз”.

Былтыр ноябрда расмий Дүйшөмбү "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деген айып менен кармалган кыргызстандык үч жаранды бошоткон. Дагы үчөө кийинчерээк бошотулары айтылган.

“Азаттык” Кыргызстанда канча тажикстандык камакта отурганын азырынча тактай алган жок.

Буга чейинки расмий маалыматка караганда, 2021-жылдын ноябрында Кыргызстанда да ушундай айып менен кармалган тажикстандык эки жаран кое берилген.

Декабрда Баткен облустук соту Кыргызстанда өмүр бою соттолгон эки тажик жараны Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусовдун жазасын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыраткан. Аларга былтыр май айында кармалган жана "тынчтыкка каршы кылмыштар", "талап-тоноо" беренеси менен айып коюлган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин солгундап кетти. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда болду. Аскерлер аралашкан атышуудан Кыргызстандан 13 адам жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги эки тажик жараны көз жуумп, 10 киши жарадар болгонун жазган.

Бишкек менен Дүйшөмбү окуялар үчүн бири-бирин айыптап келет. Былтыр жаздагы жаңжалдын артынан Бишкек кошуна өлкө менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Февралдын башында Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков кызматтык мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бошотулуп, ордуна азырынча эч ким дайындала элек.


Быйыл январда Тажикстандагы түрмөдө кыргызстандык жаран каза болгон.

2021-жылы Бишкектин өтүнүчү менен Тажикстандын бир нече жараны чек арадагы чыр-чатакка катышкан деген шек менен Орусияда кармалган. Бирок орус бийлиги Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып, аларды бошоткон. Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргызстандыктар да Тажикстанга өткөрүлбөй коё берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG