Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Өмүр бою эркинен ажыратылган тажикстандык эки жарандын жазасы жумшартылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда өмүр бою соттолгон Тажикстандын эки жараны Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусовдун жазасы өзгөртүлүп, 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан кабарлашты.

Буга чейин Лейлек райондук соту Тажикстандын эки жаранын Жазык кодексинин 380-беренеси – “тынчтыкка каршы кылмыштар” жана 391-беренеси – “мародёрлук” боюнча айыптуу деп таап, экөөнү тең өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну чечкен.

Каххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары быйыл майда кармашкан. Алар менен чогуу кыргызстандык үч жаран да колго түшкөн.

21-сентябрда Лейлек райондук соту куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналган Акмалжон Исоевди 15 жылга, Аюбжон Урунов менен Амонжон Бабожоновду​ сегиз жарым жылга кескен

Кыргызстандык үч жаранга “турак жайларды өрттөө, талап-тоноо иштеринде кошуна мамлекеттин жарандарына жардам берген" деген кине тагылган. Аларга Лейлектеги Борбордук, Арка жана башка айылдардагы объектилердин талкаланып, зыян келтирилишине байланыштуу айып коюлган.

Лейлек райондук соту аларды сегиз жарым жылга кескен. Алардын жакындары жогорку инстанцияга кайрыла турганын айткан.

Тажикстанда болсо чек араны "мыйзамсыз кесип өткөн" деген негизде Кыргызстандын бир канча жараны кармалып турат. Алардын арасында Жерге-Тал жана Мургабдагы туугандарынан кабар алуу үчүн барган Кыргызстандын төрт жараны 2,5-5 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Тажикстанда ушул күздө кармалып, оор айыптар тагылып жаткан Сайдахмет Артиков (Саидакмат Артыков) менен Айдарбек Хайдаровдун маселеси качан жана кандай чечилери белгисиз.

Ноябрдын аягында Тажикстандын чек арачылары тарабынан чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген айып менен кармалган кыргызстандык үч жаран бошотулган. Кыргызстан Тажикстандын эки жаранын бошотуп берген.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 1-майга чейин уланган.
  • Төрт күнгө созулган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала бар) курман болгон, 180ден ашуун адам жараат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.
  • Тажикстандан 19 киши өлүп, 87и жарадар болгону расмий кабарланган. Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

XS
SM
MD
LG