Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Нур-Султанга жөнөп кетти


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки күндүк жумушчу сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында кабарланды.

Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулардын өткөрүлүшү, экономикалык, күч жана маданий түзүм объектилерин кыдырып чыгуусу пландаштырылганы айтылат.

Делегациянын курамында коргоо министри Бактыбек Бекболотов, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов, бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбеков жана президенттин администрациясынын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысынын орун басары Айбек Айдарбеков бар.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн айда Орусияга жумушчу сапар менен барып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG