Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

8-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот


Бишкек. Улуттук филармониянын алдындагы эстелик.
Бишкек. Улуттук филармониянын алдындагы эстелик.

Кыргызгидрометагенттиги 8-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаайт деп кабарлады. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн.

Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, карга айланат. Жолдор тайгак болот. Батыштан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 4...9,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7;

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2;

Бийик тоолордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -4...-9°.

Бишкек шаарында жамгыр, кар жаайт. Түнкүсүн 0...2, күндүз 7...9°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG