Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

"Ошто зээндүү жаштар үчүн борбор курабыз"


Акмарал Сатинбава.

Youth of Osh коомдук бирикмеси ноябрь айында чыгармачыл жаштар үчүн борбор куруп баштады. Жаштар уюму ал жерге чогулган көп улуттуу улан-кыздарга өздөрүн өнүктүрүүгө шарт түзөбүз деп максат кылууда.

Коомдук бирикменин жетекчиси Акмарал Сатинбава менен жаңы курулуп баштаган Жаштар чыгармачылык борбору, анын зарылчылыгы, миграция агымына кабылган жаштарды токтотуу аракети тууралуу маектештик.

- Акмарал айым, айтсаңыз, мындай борборду курууга эмне түрткү болду?

- Жаштар үчүн креативдүү хаб курулат. Буга 10 жылдан ашуун иш тажрыйбабыздын, жаштардын муктаждыгынын, талабынын негизинде келдик. Көрсө, жаштар үчүн аянтча керек экен. Алар чогулуп, билим алганга, баарлашканга, өзүнө окшогон жаштар менен таанышып, өзүн-өзү өнүктүрүүгө ушундай аянтча зарыл экен.

Жаштар креативдүү борборунун пайдубалына капсула салуу учуру.
Жаштар креативдүү борборунун пайдубалына капсула салуу учуру.

- Жаштар чыгармачылык борбору жөнүндө кеп кылалы. Ал кандай болот, кимдер келип пайдаланышат?

- Үч кабаттуу имарат болот. Коворкинг аянтчалары, бий студиясы, тренинг өткөрүүчү залдар, жалпы эле жаштар үчүн кызыктуу иш-чаралар өткөрүүчү мекемеге айланат.

Биз мындай долбоорду ишке ашырып көргөнбүз. Креативдүү, чыгармачыл жаштар үчүн 2015-жылы долбоор болгон. Биз жаштардан "силер эмнеге кызыгасыңар, эмне менен алек болгуңар келет, кандай хоббиңер бар?" деп сураганбыз. Аябай көп сунуш-пикирлер айтылып, топтор түзүлгөн. Ырчы-бийчи, хип-хоп тайпалары сыяктуу. Азыр андан да көп. Тиктокерлерге, видеографдарга, блогерлерге өздөрү эмнеге жөндөмдүү экенин ачып бере турган ыкма керек экен. Эгер ал мүмкүнчүлүк болбосо, жаштар криминалдык топторго аралашып, ошол жакка кирип кетиши да мүмкүн. Же диний, радикал топторго кошулуп кетүүсү ыктымал.

Курулуучу имараттын долбоору.
Курулуучу имараттын долбоору.

Бизге көп ата-энелер "балам түнт болуп, эч ким менен сүйлөшпөй калды" деп келишет. Жаштар өзүн табуу үчүн бир нерсе менен алек болуусу керек. "Менин кандай шыгым бар, келечекте ким болом, кайсы тармак мен үчүн кызык?" деген суроолоруна жооп алуусу үчүн ал бир нерсени кылып көрүшү керек. Бул социалдык көп көйгөйлөрдүн алдын алат.

- Жаштар мектепти бүтүп же университетти аяктагандан кийин Ошто алектенүүгө эч нерсе жок болгону үчүн борбор калаага, же чет өлкөгө кетери көп айтылат. Миграциянын бир себеби катары да ушул жүйөнү келтиришет. Аларды кармап калууга кайсы бир деңгээлде бул борбор таасир эте алабы?

— Сөзсүз түрдө. Жаштар үчүн чөйрө керек. Бүгүн шаарда эмнелер бар? Көбүнчө чайкана. Чайкана — жаштар үчүн чөйрө эмес. Жаштар кафелерде чогулушат. Саналуу гана кофеканалар бар. Чынында, жарандык активист болом, коомдо бир нерсени өнүктүрөм дегендерге аянтча жок. Мектептен же университеттен кийин убактысын туура пайдаланышы үчүн альтернатива жок болгондуктан, көпчүлүк жаштар убактысын пайдасыз өткөрөт. Аянтча болгондон кийин чөйрө да өзүнөн-өзү пайда болот. Балким эртең эко-активисттер, велосипед тебүүчүлөрдүн кыймылы, креативдүү индустрияны өнүктүрө турган топтор пайда болушу мүмкүн. Бизде алтын, мунай жок. Бирок зирек, жаңыча ойлонгон жаштар бар. Чет өлкөлөрдө креативдүү индустрия экономиканын өнүгүүсүнө өтө көп салым кошот экен.

- Ош көп улуттуу шаар экенин айтып калабыз, калаанын жаштарын кантип бириктирсек болот деп ойлойсуз?

- Азыр бизде, жаштарда көп бөлүнүү бар. Ал улуттар аралык гана эмес. Мисалы Ошто көп байкалбайт. Бул улуттар аралык деген нерсе өтө сезимтал, назик маселе. Улуттар аралык байланышты дайыма чыңдап, анын үстүнөн иштеп туруш керек. Качан гана конфликт жаралгандан кийин "өрттү өчүрбөй" алдын алып иштеш керек.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азыр бизде шаардык, айылдык жаштардын ортосунда айырма бар. Алардын билим деңгээли, ой жүгүртүүсү айырмаланып турат. Анткени айылда шарттар жок. Ошондуктан элеттик жаштардын мүмкүнчүлүгү салыштырмалуу азыраак. Аларды интеграция кылуу керек. Бири-бирин тартып кетүүсү керек. Күчтүү жаштарды көрүп, башкалары ошого умтулат. Бул жаштарды интеграция кылган аянтча болот.

- Имаратты курууга 13 миллион сомго чукул каражат кетет экен. Аны кайсы жактан алып жатасыздар?

- Бул долбоор элдин, бизнес өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жардамы менен ишке ашканы жатат. Азыр пайдубалына акча топтоп, ишти баштадык. Акча чогултуу дагы деле жүрүүдө. Эгер ким жаштарга инвестиция кылууну кааласа, хабга өз салымын кошууга чакырабыз. Түзүлгөн смета боюнча 13 миллион сомго жакын каражат кетет. Аны ашар жолу менен чогултууну көздөп жатабыз.

Элдин жардамы менен жер тилкесин сатып алдык. Бул социалдык объект болот. Эч ким, жеке адам ээлик кыла албайт. Бул коомдук бирикменин карамагына өтүп, эч ким сатып же бөлүп алганга мүмкүнчүлүк берилбейт.

- Убакыт бөлүп, маек курганыңыз үчүн ырахмат!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG