Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Чек ара: Жаңы курулган үйлөрдүн сапаты текшерилет


Максат айылындагы үйлөрдүн курулушу.
Максат айылындагы үйлөрдүн курулушу.

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалда өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна курулган турак жайлардын сапатын адистер кайра текшерип чыгат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев билдирди.

Бүгүн, 15-февралда "Интербилим” коомдук бирикмеси уюштурган талкууга президенттик администрацияга караштуу Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Акыйкатчы институту, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чек ара жаңжалында жабыркаган тургундар катышты.

Анда жаңы курулган үйлөрдүн сапаты, коопсуздук маселеси, электр энергиясынын тез-тез өчүшү, талап-тонолгон баалуу буюмдарга жана мал-жандыктар үчүн мамлекет тараптан берилчү кенемтенин кечиктирилиши көтөрүлдү. Мал-мүлкүнөн ажырагандар үчүн мамлекет тарабынан 84 млн.сом кенемте төлөп берүү маселеси да чечилип жатканын облус жетекчиси билдирди.

"Интербилим" буга чейин дагы ушундай эле талкуу өткөргөн. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуя учурунда талкаланган үйлөрдү, социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштерине мониторинг жүргүзгөн топ Баткенде курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты, жардамдар боюнча нааразылык бар экенин билдирген.

Өткөн жылы апрелдин соңунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан 36 адам көз жумган, 140 үй-бүлөнүн турак жайы, 15 социалдык объекти, 34 соода түйүнү, 27 май куйган бекет, беш ашкана, үч тойкана өрттөлгөн. Беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, эки чек ара тозоту жана бир клуб жараксыз абалга келген. Мекемелер аралык комиссия 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда жалпы чыгым 1 миллиард 300 млн сомго жеткенин кабарлаган.

Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG