Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Орусияда Навальныйга коюлган жаңы айып боюнча сот башталды


Орусиядагы оппозиция лидери, камактагы Алексей Навальный. 17-январь, 2021-жыл.
Орусиядагы оппозиция лидери, камактагы Алексей Навальный. 17-январь, 2021-жыл.

Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга коюлган жаңы айып боюнча сот иши башталды. 45 жаштагы Навальный ишмердиги токтотулган Коррупцияга каршы күрөшүү фонду аркылуу "акчанын изин жашырган" жана "Москвада судьяга акаарат келтирген" деп айыпталып жатат.

15-февралда Москванын Лефортово райондук соту бул ишти саясатчы камакта жаткан Владимир облусундагы экинчи түзөтүү колониясынын имаратында карай баштады.

Оппозициячыл саясатчыга каршы жаңы тергөө иши 2020-жылдын декабрь айында башталган. Алгач тергөөчүлөр Навальный фондго ар кыл демөөрчүлөрдөн түшкөн 4,7 миллион долларды жеке максаты үчүн колдонгонун айтышкан. Бирок 14-февралда оппозициячыл саясатчынын үзөңгүлөшү Леонид Волков тергөөнүн документтери менен таанышып чыкканын, "изи жашырылды" деген акчанын көлөмү 33,7 миң гана доллар экенин айтты.

Эгер сот күнөөлүү деп тапса, Навальный "акчанын изин жашырууга" байланыштуу дагы 10 жылга, "судьяга акаарат келтирди" деген айып менен алты айга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Навальный мындай айыптарды четке кагып, аны "саясий куугунтук" катары мүнөздөп келет.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG