Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

16-февралдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

16-февралда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен кар жаайт, Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -2…-7;

Талас жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз -2…-7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;

Бийик тоолордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -8…-13 градус.

Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -2…-4 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG