Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Фейктер боюнча мыйзамды жокко чыгаруу зарылдыгы айтылды


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

Интернеттеги фейктерден коргоо тууралуу мыйзамды жокко чыгаруу демилгеси бүгүн 15-февралда Бишкекте өткөн «Адам укугу менен эркиндигинин бүгүнкү абалы» талкуусунда айтылды.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова бул мыйзам иштөөгө жөндөмү жок экенин белгилеп, Жогорку Кеңешти аны жокко чыгарууга чакырды.

«Иш жүзүндө азыр бул мыйзам иштебей жатат жана анын качандыр бир иштеп кетерине көзүм жетпейт. Өлкө үчүн репутациялык тобокелчиликтер жагынан алып караганда да бул мыйзамды жокко чыгарып эле койгон жакшы. Аны ишке ашыруу механизмдери да жок».

Талаш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышы 2021-жылдын июль айында кабыл алган.

Анын авторлорунун бири, депутат Айнура Осмонова “Эң башкы максат - адамдар социалдык түйүндөргө өз аты менен кириш керек, жалган маалымат тараткандарга каршы арыздануу үчүн жол ачуу. Фейк болуп отуруп алып туура эмес маалыматтарды таратууну токтотуш керек” деп айткан.

Жарандык коом бул долбоор өлкөдө сөз эркиндигин жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга алып келет. “Медиа полиси институту” уюму кеңири анализ жүргүзгөн жана мыйзам Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганы белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG