Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

Акылбек Жапаров журналисттердин кармалышы боюнча пикирин айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттердин кармалышы, иш козголушу боюнча пикирин билдирди. Бүгүн, 15-февралдагы маалымат жыйында журналисттер менен сый мамиледе болууну үйрөнүү керек экенин, аларга карата катуу ыкмаларды колдонууга капа болгонун айтты.

"Журналисттерге катуу ыкмаларды колдонууга капа болдум. Журналисттерге мындай катуу ыкмаларды колдонбош керек. Кыргыздын "арыдан бери болуш керек" деген сөзү бар. Сиздерге эч ким тийишкен деле жери жок. Азыр басым катары баа бергенден алысмын, тергөө иши бүткөндө анан баа бере алабыз. Террорист, бандиттерге күч колдонуш керек. Наркотиктен алыс бололу, эки тарап жаңжалдашып атканда калыс карайлы. Журналисттер менен сый-сыпаа мамиле курганды үйрөнгөнбүз, мындан ары да үйрөнө беребиз", - деди Жапаров.

Журналист Семетей Аманбеков "иликтөөчү журналисттин кармалышын, иш козголушу аларга карата басым деп эсептейсизби" деген суроо узаткан.

Буга чейин иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалып, кайра бошотулганы талкуу жараткан. Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларды “баңгизат колдонгон” деп айыптап жатат.

Бул окуялардан кийин Болот Темиров менен аялынын телефон сүйлөшүүлөрү жашыруун жаздырып алынган аудио тараган. Ошондой эле Temirov LIVE YouTube каналынын кызматкерлеринин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор чыккан.

УКМК видеотасмалардын тарашына эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG