Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Тажикстандын жараны пара берүүгө шек саналып кармалды


Шектүүнүн паспорту.
Шектүүнүн паспорту.

Тажикстандын жараны Кыргызстанда кызмат адамына пара берген деген шек менен кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, ал (“Ч.М.”) өлкөдө эч кандай уруксат кагазы жок иштеп жүргөнү аныкталган.

Шектүү 2019-жылдын 6-июлунан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн.

Бул фактыга байланыштуу шектүү (“Ч.М.”) тиешелүү иш-чараларды өткөрүү үчүн 9-февралда УКМКга чакырылган. Суракта ал “Мега Центр” соода борборунда эч кандай уруксат кагаздары жок иштеп жатканын айтып, сыртка чыгарып салбоону суранып, пара катары кызмат адамына акча сунуштаган.

10-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 11-февралда УКМК “Ч.М.” кызмат адамына сунуштаган акчанын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармаган.

“Миграция жөнүндө” мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк жаранды тартуу үчүн иш берүүчүдө Миграция кызматы тарабынан берилген квотага ылайык чет өлкөлүк жаранды ишке орноштурууга уруксаты болушу керек. Анын негизинде чет өлкөлүк жаран “жумушка уруксат” алышы зарыл. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG