Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Акылбек Жапаров Кумтөр 220 млн. доллар киреше бергенин билдирди


Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.

Кумтөр кени 2021-жылы 220 млн. доллар таза киреше бергенин бүгүн, 15-февралдагы маалымат жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал кен боюнча "Центерра" менен сүйлөшүү аягына чыгып калганын, жакында коомчулукка, Жогорку Кеңештин депутаттарына толук маалымат берилерин айтты.

"Центерра менен 15-мартка чейин тынч ажырашууну макулдаштык. Тышкы башкаруу киргенде 48 миң доллар болчу эсебинде. Төрт-беш жылда даярданып, кыргыздар акыры алат деп ойлоп эле жүрүшүптүр. Эсептерди чет мамлекетке ачып, акчаны ошол жакта кармаган. 329 млн. долларга чейин киреше көрдүк. Резервдик көрсөткүчтөрү бар. 220 млн. доллар таза киреше берип жатат. Бул салыктан башка. Акыркы сүйлөшүүлөр бүткөндө айтып беребиз", - деди Жапаров журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду Кумтөр кени боюнча маалымат бербей жатканын сындаган. Эл өкүлү 10-февралдагы парламент жыйынында алтындын сатылышы, каражат боюнча маалымат бериши керек экенин белгилеген.

18-январда Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдагы иши тууралуу отчетун жактырган. Отчетко ылайык, былтыр 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөн. Ишкана жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13,6 миллиард сом которгон. Мындан улам төлөм 150% көбөйгөн.

Алтынды сатуудан түшкөн дүң кирише 856 миллион доллар болгон, анын 621 миллиону ишканага тышкы башкаруу киргизген учурда алынган.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Жарым жылдан кийин "Центерра" кен Кыргызстанга өткөн соң алтын казуу азайып кеткенин билдирип чыккан. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан Кумтөрдүн үзүрүн 2022-жылдан тартып көрө баштарын, январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонуп жатканын айткан.

Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда "Центерра" менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген.

Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети иштеп баштаганына 100 күн толду. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG