Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Баткенде жол кырсыгынан бир адам каза таап, төрт киши жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош-Баткен-Исфана жолундагы кырсыктан бир аял каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Маалыматка караганда, кырсык Кадамжай районунун Ноогардан айылына жакын жерде болгон.

14-февралда кечки саат 22:34тө "Ауди" жана "Мерседес Бенц" автоунаалары кагышып, бир аял каза тапты. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн машинеден чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Жараат алган төрт кишинин бирөө төрт жашта. Алар Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилди.

Кыргызстанда 2021-жылдын 11 айында 6820 жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG