Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Президент Бишкек-Кара-Балта жолун 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды


Садыр Жапаров жол куруу долбоору менен таанышууда. 15-февраль, 2022
Садыр Жапаров жол куруу долбоору менен таанышууда. 15-февраль, 2022

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин айтымында, учурда Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун жалпы узундугу 52,5 чакырымдан калган 7,4 чакырымын реконструкциялоо иштери уланууда. Калктуу конуштардагы оңдолгон жолдун негизги автоунаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3,5 метрди түзөт.

Мамлекет башчыга Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору да көрсөтүлдү. Ага ылайык, автожол кеңейтилип, ага жол кайчылаштары, тротуарлар жана жол үстүнөн адамдар өтүүчү өтмөктөр курулат. Айланма жолдун узундугу 34 чакырым.

Негизги бөлүгү төрт тилкелүү болот. Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоого инвесторлорду тартуу пландалууда. Мындан сырткары Профсоюзная көчөсүндөгү жол куруу долбоорун ушул жылы толугу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашыруу пландалып жатканы белгиленди. Узундугу 8,5 чакырымды түзгөн жол Бишкек-Кара-Балта унаа жолуна альтернатива болуп, аны жеңилдетет деп күтүлүүдө.

Президент Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.

Министрликтин буга чейин берген маалыматына караганда, 2021-жылы транспорт тармагына бюджеттен 3 млрд. 883 млн. сом бөлүнгөн.

Жол оңдоого байланыштуу коррупциялык иштер жана жолдордун сапаты боюнча маселе байма-бай көтөрүлүп келет.

1992-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанга келген 10 млрд. доллардай сырткы жардамдын 26% транспортко жана жолго каралган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG