Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Жапаров: Кумтөрдүн алтыны сыртка чыккан жок


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын сатылып, кыргыз экономикасына жумшалып жатканын билдирди. Бүгүн, 15-февралда маалымат жыйын учурунда өкмөт башчы алтынды Кыргызстандын ичинде алып калуу аракети жүрүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле, ар бир кыргызстандык сатып алууга мүмкүн болгон алтын тыйын чыгаруу каралып жатканын айтты.

"Биздин алтын дагы сыртка чыккан жери жок, биз аны сатып атабыз. Андан түшкөн каражаттар экономикага киргизилип жатат. Буга чейин 410 тонна сыртка сатылып кеткен. Биз мындан ары колдон келсе Кыргызстандын ичинде алып калсак деп жатабыз. Азыр ага өкмөттүн, Улуттук банктын, башка банктардын дагы мүмкүнчүлүгү бар. Бир жылдын ичинде кыргыз элине бир үй-бүлөдө алтын туяк болбосо дагы кыргыздын алтыны болсун деген ниетте миң доллары бир жылкы деп монета чыгаралы деп жатабыз. Бир граммдан 10 кг. чейин алтынды жарандар сатып алсын деп жатабыз", - деди Жапаров.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду Кумтөр кени боюнча маалымат бербей жатканын сындаган. Эл өкүлү 10-февралдагы парламент жыйынында алтындын сатылышы, каражат боюнча маалымат бериши керек экенин белгилеген.

"Кумтөр боюнча Акылбек Жапаровго кайрылдым. Канча алтын өндүрүлдү, канча алтын сатылды, канча алтыныбыз бар, канча алтын Улуттук банкка коюлду? Ушул тууралуу маалыматты элге берейин дегем. Тилекке каршы, жооп болгон жок. Элден, депутаттардан жашырган маалымат бар экен деп ойлоп калдым", - деген Токторбаев.

18-январда Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдагы иши тууралуу отчетун жактырган. Отчетко ылайык, былтыр 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөн. Ишкана жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13,6 миллиард сом которгон. Мындан улам төлөм 150% көбөйгөн.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Жарым жылдан кийин "Центерра" кен Кыргызстанга өткөн соң алтын казуу азайып кеткенин билдирип чыккан. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG