Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Франция Каримовага таандык 10 млн. долларды Өзбекстанга кайтарды


Гүлнара Каримова (иллюстрациялык сүрөт).
Гүлнара Каримова (иллюстрациялык сүрөт).

Франция Өзбекстандын мурдагы президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага таандык 10 миллион доллар каражатты Ташкентке кайтарып берди. Бул тууралуу 15-февралда Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди.

Расмий билдирүүдө каражат "кылмыштуу жол менен табылганы" айтылганы менен ал качан кайтарылганы так көрсөтүлгөн эмес.

Министрликтин маалыматына караганда, 2020-жылы май айында да Каримовага таандык деген ушунча эле суммадагы каражат Франциядан Өзбекстанга жөнөтүлгөн. Учурда өзбек бийлиги маркум Ислам Каримовдун кызынын чет өлкөлөрдөгү калган мүлкүн кайтаруу үчүн Швейцария, АКШ, Франция, Орусия жана башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Швейцария менен Өзбекстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 11-февралда өткөн.

"Анда тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун көп тараптуу трасттык фондун түзүү тууралуу макулдашты. Фонддун ишмердүүлүгү Гүлнара Каримовага каршы козголгон кылмыш иштеринин алкагында конфискацияланган активдерди кайтарууга багытталат. Мындан тышкары ал Швейцариядагы кийинки кылмыш иштеринин алкагында конфискациялана турган бардык активдерди кайтаруу үчүн да иштейт. Бүгүнкү күндө 131 миллион долларлык актив Өзбекстанга кайтарууга даяр", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, Орусияда Каримовго жана анын өнөктөштөрүнө чыккан сот өкүмүн тааныды жана учурда орус тарап Өзбекстанга кайтарып берүү үчүн конфискацияланган мүлктөрдү сатуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Ташкент шаардык соту 2020-жылы мартта Гүлнара Каримованы 13 жыл төрт айга эркинен ажыраткан. Ал "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ыксыз сарптоо", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" сыяктуу бир нече беренелер боюнча айып коюлган. Каримова 2019-жылдан бери Ташкент облусундагы аялдардын №21 абагында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG