Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Германиянын канцлери Москвага жол тартты


Германиянын канцлери Олаф Шольц. Киев. 15-февраль, 2022-жыл.
Германиянын канцлери Олаф Шольц. Киев. 15-февраль, 2022-жыл.

Германиянын канцлери Олаф Шольц 15-февралда Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. Бир күн мурда Шольц Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, Украинанын чек арасына жакын аймактардагы Орусиянын аскердик аракеттерине "негиздүү жүйөнү" көрбөй турганын айткан.

"Биз Европадагы коопсуздук маселелерине байланыштуу Орусия менен олуттуу диалогго даярбыз. НАТО жана АКШ Орусияга биз колдогон конкреттүү сунуштарды берди. Биз азыр Орусиянын ага жооп беришин күтүп жатабыз", - деп айткан Шольц.

Немис канцлеринин алдында француз президенти Эммануэл Макрон жана Улуу Британиянын эки министри Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп кеткен.

АКШ, Британия сыяктуу НАТО өлкөлөрү Орусия Украина менен чек арасына жакын аймактарына 130 миңдей аскерин жана аскердик техникасын топтоп койгонун, Москва жакын арада Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

15-февралда Орусиянын Европа Биримдигиндеги элчиси Владимир Чижов Москва "чагымчыл аракеттер болбосо" Украинаны басып албай турганын айтты.

Кошмо Штаттардын чалгын кызматтары Орусиянын аскердик аракеттери 16-февралда башталышы мүмкүн экенин эскерткен. Украин президенти Зеленский бул күн биримдик күнү болоорун айткан. Натыйжада шаршембиде Украинада ири жүрүштөр өтөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG