Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Епископ Даниил президент Садыр Жапаровго көрүстөндөрдүн абалы боюнча кайрылды


Ананьеводогу православ көрүстөнүндөгү сынып жаткан кресттер.
Ананьеводогу православ көрүстөнүндөгү сынып жаткан кресттер.

Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил президент Садыр Жапаровго кайрылып, христиандардын көрүстөндөрүнүн абалы боюнча маселеге көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу маалымат 15-февралда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий сайтына жарыяланды.

Орус православ чиркөөсүнүн Кыргызстандагы жетекчиси президенттен жардам болоруна, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көрүстөндөргө тосмо коюу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу жагын колго аларына үмүттөнөрүн айтып, бул көйгөй Кыргызстан тууралуу эл аралык коомчулук арасында терс пикир жаратып жатканын кошумчалады. Себеби, епископ белгилегендей, христиан көрүстөндөрүндө православдардын, протестанттардын, католиктердин жана жакындары Орусияда гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунда жашагандардын сөөгү коюлган.

Христиандардын сөөгү жашырылган көрүстөндөр талкаланып калган учурлар соңку жылдары Кыргызстандын айрым аймактарында көп катталууда.

Епископ Даниил тосмо орнотулбагандыктан талкаланып, тонолгон учурлар христиандардын гана эмес, мусулмандардын да көрүстөндөрүндө бар экенин белгилеп, бекем тосмо коюуга баарынын эле чамасы жете бербесин, жергиликтүү бийлик атайын төлөм алып турарын, андыктан ошол каражатты бул көйгөйдү чечүүгө жумшаса болорун кошумчалады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG