Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынганы тууралуу маалыматты 15-февралда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, соттун чечими менен ал 8-мартка чейин камакка алынды.

Мамытовду УКМКнын кызматкерлери Жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кармаганы айтылууда. Атайын кызмат да, фонд да азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Орус-Кыргыз фонду эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине интеграция болуусуна көмөктөшөт деген жүйө келтирилген. Фонддун кеңеши беш, башкармалыгы беш мүчөдөн турат.

Нурлан Мамытов башкармалыктын мүчөсү болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG