Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Жалал-Абадда көчкү алдында калган төрт киши табыла элек


Кар көчкү түшкөн жер.
Кар көчкү түшкөн жер.

Жалал-Абад облусунда эки жолу кар көчүп, төрт кишинин дайыны чыкпай жатканын бүгүн, 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, 14-февраль күнү болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдүү унаа жолунун 340-чакырымында (тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшүп, “Пикап” унаасын басып калган. Дагы бир “Пикап” унаасын жана бир вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам (66 жаштагы А.А., 52 жаштагы К.Т. – эркек кишилер, Кыргызстандын жарандары жана Л.З. (туулган жылы такталууда) – Кытайдын жараны) жабыркап, бир адам дайынсыз болууда (аты-жөнү такталууда).


Ушул эле күнү саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районунун аймагында, Түндүк-Түштүк (Балыкчы – Жалал-Абад) альтернативдүү автожолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшкөн жерде үч адам дайынсыз болуп жатканын билдирген. Маалыматка караганда, “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү “Нива” машинасын, жүктөгүчтү жана эки экскаваторду кар басып калган.

Издөө жана карды тазалоо иштерине жалпысынан 60ка жакын адам катышууда.


14-февраль күнү издөө-куткаруу жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок аба ырайына байланыштуу жана жолго кар көчкү түшкөндүгүнөн улам, коопсуздукту сактоо максатында иш-чаралар убактылуу токтотулган.

Ал эми эки жабыркаган “Чайна Роуд” ишкананын кызматкерлеринин жеке унаасы менен жана бир жабыркаган адам куткаруучулар аркылуу Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканага жеткирилген.

Бүгүн, 15-февраль күнү издөө иштери улантылат.

Кыргызстанда ушул жылы кар көчкү жүрүп, адам каза тапкан окуя экинчи жолу катталууда. Буга чейин 21-январда Чаткалдагы Жамгыр кенинде кар көчкү жүрүп эки адам каза тапкан.

Көчкү басып калган эки кишинин сөөгү кар астынан табылып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлаган.

Расмий маалыматка караганда, 21-январда Чаткал районунун Жамгыр жана Мырзаш участкасында эки жаранды ири көлөмдөгү кар көчкү басып калган. Алар Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан. ӨКМ тараткан маалыматка караганда, алар "Вертекс Голд" ишканасынын 30 жана 31 жаштагы кызматкерлери экени такталган.

Кырсык болгон жерде дароо куткаруу иши жүрүп, министрликтин беш куткаруучусу, "Вертекс Голд" компаниясынын үч бирдик унаа жүктөгүчү, эки экскаватор жана аталган ишкананын 120 кызматкери издөө жүргүзгөн.

Натыйжада, Токтогул районунун тургуну А.Жнын, 1,5 саат убакыттан кийин Бишкек шаарынын тургуну Ж.А. аттуу жарандын сөөгү кар астынан табылып, сөөгү укук коргоо органына өткөрүлүп берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG