Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Москва Рождестводо ок атууну убактылуу токтотууга макул болгон жок


Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Рождество маалында ок атууну токтотууга макул эмес деп билдирди. Анын айтканын жергиликтүү маалымат агенттиктери жазды.

«Биз тынчтыкты каалайбыз. Украинага тыныгып, согушту улантууга даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк берген ок атышпоо режимин киргизүүнү каалабайбыз», - деп айткан Песков.

Буга чейин украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский немис канцлери Фридрих Мерц 15-декабрда Рождество жана жаңы жыл майрамдары учурунда ок атышпоо режимин киргизүүнү сунуш кылганын билдирген.

"Украинская правда" гезити жазгандай, Зеленский: «Кошмо Штаттары да бул демилгени колдойт. Мен, президент катары, албетте колдойм», - деген.

Украин лидери бардыгы Орусиянын саясий эркине барып такаларын кошумчалады.

15-декабрда Берлинде Зеленский менен АКШнын чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнердин сүйлөшүүлөрү аяктаган. Bloomberg жана башка маалымат каражаттары жазганына караганда, анын жүрүшүндө чечиле элек маселелердин 90% боюнча мунасага жетишилди. АКШнын президенти Дональд Трамп “максатка мурда болуп көрбөгөндөй жакындашканын” билдирди.

2023-жылы Путин патриарх Кириллдин өтүнүчүнөн кийин Коргоо министрлигине 6-январда саат 12ден 7-январдын түн ортосуна чейин майданда ок атууну убактылуу токтотуу тапшырмасын берген. Украин тарап диниятчынын демилгесин “эки жүздүүлүк жана пропаганда элементи” деп баалаган.

Украинанын расмий адамдары орус чиркөөсү “украиндерди тукум курут кылууга үндөп, массалык адам өлтүрүүнү жана Орусиянын куралдануусун колдойт” деп эсептейт.


Шерине

XS
SM
MD
LG