Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Сузак: жер көчкү жергиликтүү элди коркуткан жок


Жер көчкү коркунучуна кабылган жер.
Жер көчкү коркунучуна кабылган жер.

Сузак районундагы жер көчкү коркунучунан улам Орток айылындагы 112 бала окуган мектеп жабылып, 150дөн ашык адам коопсуз жайларга көчүрүлүп жатат. Бирок жергиликтүү бийликтин көчүрүү талабына баш ийбеген тургундар аймакта кала берүүдө. Айылдыктар болсо кыш чилдеде көчүүнү каалабай, мектепти убактылуу ачып берүүнү талап кылышууда.

Көчкү жылган 24-январдан бери айыл арасында ызы-чуу чыгып, айрымдары "көчөбүз" десе, көпчүлүк калууну ойлоп, эки ача пикир жаралды.

Айыл тургуну Арзыкул Якубов кыш чилдеде жашоочуларды айылдан айдабай, көчүүгө убакыт бериши керек экенин айтты:

- Мен башка жактан чек берип, көч десе дароо көчө албайм. Жок дегенде үч жыл убакыт кетет. Мамлекет каражат бербесе кантип көчөм? Биринчи жылы пайдубалын түптөп, кийинки жылы дубалын тургузуп, акырындап салбасам мүмкүнчүлүк жок. Азыр кышкысын "убактылуу башка жакка кеткиле" деп жатышат. Жолду көрдүңөр, кар. "Нива" менен ташысак 5-10 миң сом кетет. Аны кайдан табабыз? Мамлекет "көчкүлө" деп элди кыйнабай шарт түзүп бериши керек. "Сотко беребиз" деп коркутканынан пайда жок.

120 миң куб метр сүрүлгөн тоо алдындагы топурак үч үйгө коркунуч келтирип, алардын баары аймактан чыгарылган. Мындан сырткары учурда Орток айылынан 33 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү зарылчылыгы жаралууда. Ага баары эле макул болгон жери жок.

Район акими Эрмекбай Омошев жергиликтүү бийлик акыркы чара катары мажбурлоого чейин бара турганын эскертти.

- Жер көчкү болгон жерге жакын турган адамдарды туугандарыныкына көчүрүп чыгардык. Калган "коркунуч бар" деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыгарган тыянакка ылайык, 33 үй-бүлөнү да көчүрүү зарыл. Аларга жеринде барып эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Алар макул болбой, көчүүнү каалабай жатышат. Бул багытта райондук жарандык коргонуу комиссиясы сүйлөшүү иштерин жүргүзүп, аларды сотко бергенге чейин чараларга барабыз.

1998-жылдары Сузактын Орток айылында жер көчкү жүрүп, 133 үй-бүлөгө коопсуз аймактан жер тилке жана мамлекет тарабынан ссудалар берилген. 2006-жылы алардын жүзгө жакыны үйлөрүн таштап көчүп кетип, калгандары кала берген. Мындан сырткары Ортокто жер тилкелерин албаган дагы 17 үй-бүлө калууда. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы Илимбек Алимов айылды толугу менен көчүрүү максатында социалдык объектилердин баары жабылганын айтты.

- ӨКМ тийиштүү аныктамасын берген үй-бүлөлөрдүн баары көчөт, мажбурлап болсо да көчүрөбүз. Алардын бизге өмүрү керек. Калган 17 үй-бүлө боюнча жазда карап чыгабыз, алар да көчүш керек. Биринчи кезекте биз социалдык мекемелерди көчүрөлү деп жаптык. Алар: мектеп, айылдык маданият үйү, китепкана жана ФАП. Мектеп окуучулары Спасовка айылындагы интернатка жатып окушат, калгандары Жашасын айылындагы мектепке көчүрүлөт.

Айылдын он аксакалы Сузак райондук администрациясына барып, мектепти жазга чейин убактылуу ачып берүүнү талап кылды. Аларды район акими кабыл алып, маселе тийиштүү тармактык жетекчилер менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечилерин билдирди. Айыл тургуну Ибрагим Касымбеков маселе чечилмейинче эч жакка кетпей турганын айтты:

- Көчкү биз жашаган жерден эки чакырым алыстыкта жүрдү. Ал жер мурдатан тартып эле суу агып, кээде көчүп келет. Бизде болсо коопсуз эле. Эмнеге анын шылтоосу менен баарыбызды дүрбөлөңгө салып "көчөсүңөр" деп жатканына айылдыктар нааразы болуп жатышат. ӨКМдин адистери келип, көз болжолу менен эле "көчкү жүрөт" деп бүтүм чыгарышты. Мониторинг жасап, "так ушул жер көчөт" деп аныктап берсин, биз көчүүгө макулбуз. Ага чейин биз ата-бабабыз жашаган жерди таштап эч жакка кетпейбиз. Балдарыбыз ал жакта, биз бул жакта болуп кантип жашайбыз?

Сузак районунун Орток айылы 1924-жылы уюшулуп, 1936-жылы "Орток" токой чарбасы болуп түзүлгөн. Жаңгакка бай, тоо койнунда орун алган айылдын эли мал чарбачылыгы жана жаңгак терип күч кечирет. Сузак районунун аймагында азыр 900 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап жатат.

Жер көчкүдөн коркпогон ортоктуктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG