Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Чек ара чырынын эпкини Орусиядагы мигранттарга тийди


Баткен.
Баткен.

Орусиянын полициясы Кыргызстандын жараны Замирбек Досматовду Тажикстандын өтүнүчү менен кармады. Коңшу өлкө аны "чек ара чатагына аралашкан" деп айыптаган. Досматовдун жакындары кылмыш иши туура эмес козголгонун жана аны кармоого негиз жоктугун айтып, бийликке кайрылды.

Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Чек ара чырларына байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын суроо-талабы менен Орусияда миграцияда жүргөндөр кармалган окуя буга чейин да катталган.

Тажикстандын суроо-талабы менен Москвада кармалган Баткен районунун тургуну Замирбек Досматовдун жакындары 2-мартта Баткен облустук акимчилигинин алдына чогулушту.

Анын агасы Мунарбек Досматов бир тууганын кайтарып алуу үчүн бийликтин жардамы керек дейт.

“Бүгүн биз облустук акимчиликке чогулуп, жардам сурадык. Тиешелүү кызматтын, прокуратура, ИИМдин өкүлдөрү катышты. Биз "тездетип жардам бергиле, бул жигиттин күнөөсү жок" дедик. Бийликтегилер да жардам беребиз, кат жөнөтүп жатабыз дешти. Эч күнөөсү жок эле кармалды да иним. Бул жакта балдары күтүп жатат”.

Жакындарынын айтымында, Тажикстанга чектеш Ак-Татыр айылынын тургуну Замирбек Досматов быйыл 26-февралда Кыргызстанга келмей болуп учакка билет алган. Бирок үйүнө кайтканга үлгүрбөй, 23-февралда Москва полициясы тарабынан кармалган.

Досматов 2017-жылы Москвага иштегени кеткен. Тажикстан болсо аны "2019-жылдын 22-июлундагы чек ара чырына тиешеси бар" деген жүйө менен кармоо өтүнүчүн келтирген.

Коңшу өлкө Досматовдон тышкары чек ара айылдарынын башка дагы бир топ тургунун кармоо үчүн Орусияга суроо-талап жөнөткөнү айтылууда. Азырынча алардын он тогузунун гана аты-жөнү аныкталганы Жогорку Кеңеште айтылды.

Парламент депутат Нурлан Ражабалиев бул маселени 2-мартта өткөн жыйында көтөрдү.

“Жогорку Кеңеш протоколдук тапшырма берели. Элчилик Замирбек Досматовду тез арада бошотуу жаатында иш алып барсын, тизмеге кирип калдым деп батирден чыга албай жаткан мекендештерибизге укуктук жардам берсин. Тышкы иштер министрлиги кылмыш иши козголгон 150дөй жараныбызды тизмеден чыгарууну Тажикстан менен сүйлөшсүн. Чара көрсүн, элчиликтин аракети менен адвокаттык бөлүмдөрдү ачышсын. Биздин жарандарга азыр укуктук жардам керек”, - деди депутат.

Мындан кийин Жогорку Кеңештин төрагасынын көрсөтмөсү менен тиешелүү кызматтарга протоколдук тапшырма берилип, маселени чечүү жаатында чаралар кабыл алынмай болду.

Замирбек Досматовдун окуясы боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги иш алып барып жатканы маалым болду. Элчиликтен ага козголгон кылмыш иши бурмаланганын, коюлган айып негизсиз экенин ырастаган документтер даярдалып жатканын билдиришти.

Элчиликтин кызматкери Назгүл Жусубакунова Тажикстандын кайрылуусунда көрсөтүлгөн окуялар учурунда Досматов Орусияда болгону аныкталганын айтты.

“Кыргызстандын жараны кармалган факты аныкталган. Биздеги маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жараны Тажикстандын кайрылуусунда көрсөтүлгөн окуялар учурунда Орусиянын аймагында жүргөн”.

Элчилик кызматкерлери 2-мартта Замирбек Досматовго жакындары ээрчитип барып жолуккан. Учурда тиешелүү документтер даярдалууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы тирештен улам эки тараптын бири-биринин жарандарына кылмыш ишин козгоп, Орусияга кармоо суроо-талабы менен кайрылган учурлар биринчи жолу катталган жок.

Буга чейин да эки өлкөнүн жарандары чек ара чырына байланыштуу Орусияда кармалып, бошотулган. Замирбектин агасы Мунарбек Досматов тараптар бири-бирине өчөшүп, жарандарын кармата берсе, наараазылык күчөп, эки элдин мамилеси сууй берет деди.

“Эки тарап тең улам-улам эле "жараштык" деп айтып жатышат. Теледен чыгышат. Ушундай аракетинен кийин ишениш кыйын болуп калат экен. Бул аракети Тажикстандын өз элине да жакпаса керек. Ушинтип бири-бирине өчөшүп, бири-биринин жаранына издөө салып, кармата берсе кантип ынтымак болот? Биздин да, кошуналардын да жөнөкөй жарандарынын жашоосу миграция менен байланышкан. Ошондуктан ушул тизмени жокко чыгарып, кадимкидей эле жашай берсек болбойбу? Ынтымакты бекемдейбиз десе эки тарап ушуну ойлонушу керек го”.

2021-жылы Бишкектин өтүнүчү менен Тажикстандын бир нече жараны чек арадагы чыр-чатакка катышкан деген шек менен Орусияда кармалып, алар Кыргызстанга өткөрүлүп берилген эмес. Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргызстандыктар да Тажикстанга өткөрүлбөй, коё берилген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин солгундап кетти. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда да катталды. Андагы атышуудан Кыргызстандан жалпысынан 13 адам жараат алса, Тажикстан эки жараны набыт болуп, дагы он адам жараат алганын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG