Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:07

Өкмөт Баткенге өзгөчө көңүл бурууну убада кылды


Баткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Январь, 2022-жыл.
Баткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Январь, 2022-жыл.

Министрлер кабинети 22-февралда Баткенде көчмө жыйын өткөрүп, облусту өнүктүрүүнүн саясий жана экономикалык багыттары талкууланды. Анда чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү жарлыгы, Баткен облусуна ири инвестицияларды тартуу тууралуу да сөз болду. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Баткенде жабылып турган чек аралар такталып, соода алака жанданып, келечекте транзиттик аймак болот деп ишендирди.

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы көчмө жыйынында аймакты өнүктүрүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Баткен келечекте өнүккөн аймак болот деп ынандырууда.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Баткен облусу чек ара маселесинин чордону эмес, патриоттуулукка, кайраттуулукка, эр жүрөктүүлүккө шыктандыруучу жер болот деп ойлойм. Баткен саясий, аскердик жана экономикалык суверинитет эмне экенин далилдей турган жер. Дал ушул жер Кыргызстандын көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн коргой турган жер. Кыргызда айтат: жаман айтпай жакшы жок деп. Баткендеги чек арадагы жаңжал, жигиттердин жүрөгүн ойготуп, Баткенге келип иштөө, окууга даярмын деген сезимдерди өстүрдү го деп ойлойм".

Жыйында негизинен “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы талкууланды. Президент Садыр Жапаров бул мыйзамга өткөн жылы сентябрда кол койгон.

Анда жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү каралган. Документте тизмеге кирген айыл тургундарынын пенсиясын эки миң сомго көтөрүү жана жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү каралган.

Акылбек Жапаровдун пикиринде, Баткен облусун Фергана өрөөнү жана Кытай менен тыгыз байланышкан соода-экономикалык транзиттик аймакка айлантууга толук ылайыктуу:

"Тийиштүү шарттарды түзүп, фитосанитардык лабораторияларды ишке берсек, Эркечтам өткөрүү пункту аркылуу коңшу Кытайга сапаттуу жана экологиялык жактан таза продукцияларды экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кызыл-Кыя шаары Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы аймактык чоң соода түйүнүнө айланат. Баткен жана Исфана аэропорттору эл аралык макам алат, Лейлек эркин экономикалык аймагы пландалгандай иштейт".

Жапаров аймактагы жолдорду асфальттоого быйыл 600 миллион сом бөлүнөрүн, облус аймагында суу ресурстарын оңдоп, төрт чоң суу сактагыч куруларын маалымдады.

Көчмө жыйында Баткен облусунун өнүктүрүү боюнча куратору болуп биринчи вице-прьемер-министр Арзыбек Кожошев дайындалганы айтылды. Ал өткөн жылы Баткен облусун өнүктүрүүгө 1 миллиард 300 миллион сом бөлүнгөнүн, жаңыдан ишкерлик баштагандар салыктын бир катар түрлөрүнөн бошотуларын эске салды:

Арзыбек Кожошев.
Арзыбек Кожошев.

"2012-жылдан 2020-жылга чейин Баткен облусун өнүктүрүүгө 1 миллиард 300 миллион сом берилиптир. Өткөн жылы президенттин тапшырмасы менен бир жылда ушул сумманы бердик. Быйыл мындан да көбөйтөлү деп жатабыз. Былтыр сентябрда “Баткен облусунун өзгөчө макамы” тууралуу мыйзам кабыл алынды. Андан соң Баткен облусунун өнүгүү программасы кабыл алынып, ал жерде 500 миллион сомдон кем каражат бөлүнбөсүн деп чечим кабыл алынды. Ошону быйыл аткарабыз. Ага ылайык, алты тармак боюнча, айыл-чарба, кайра иштетүү, энергетика, инновация, тамак-аш жана жеңил өнөр жай тармагында ишкерлик баштаса, алар киреше салыгын 10% эмес, 5 % төлөйт. Сатуудан алынуучу салыктан, пайда салыгынан бошотулат. Жергиликтүү кеңештин сунушу менен жер жана мүлк салыгынан да бошотсо болот".

Көчмө жыйын бүткөндөн кийин Акылбек Жапаров Баткендин ар кайсы айылдарынан келген эл менен жолукту. Сыртта чогулгандар “Баткен облусунун макамы” тууралуу мыйзамга кирген 62 айылдын тизмесин толуктоону суранышты.

"Биз алыскы Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнүн Дархун айылынан келдик. Биздин айылда жети эле үй бүлө калды. Беш үй-бүлөдө жалгыз бой энелер жана 18 эркек бала калыптыр. Алардын жарымы Орусияга кетип, жарымы Чүй облусуна барып жайгашып алыптыр. Биз азайып бараткан айылга айланып баратабыз. Туура, биз чек арадан алыс турган айылбыз. Бирок инфраструктурабыз, жашоо-шартыбыз начар. Ошондуктан биздин айылды ошол мыйзамга кошуп коюңузду суранабыз", - деди Дархун айылынын жашоочусу.

Акылбек Жапаров топтолгон элге мындай жооп узатты:

"Биз быйыл Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурабыз деп жатабыз. Сабыр кылыңыздар, баарына жетсе эмнеге аяйт элек. Азыр биринчи этабы бүттү. Эми экинчи этабына киришип жатабыз. Баарына акча жетпейт. Азыр 62 айылды иреттеп бүттүк. Негизи эле биз Баткенден элдин кетишин каалабайбыз. Бул жакка жумушчу орун түзгөн ишкерлерге кепилдик берели деп жатабыз. Акчасын да берип, эптеп эле жумушчу орун түзгүлө деп".

Министрлер кабинетинин төрагасы Баткен облусуна өкмөт мүчөлөрү менен 21-февралда барган. Ал бир күн мурда чек арачыларга жолугуп, ишканалардын, социалдык объектилердин, жолдордун абалы менен таанышкан.

Өткөн жылдагы Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин өкмөттүн калыбына келтирүү иштерине аралашып, байкоо салып жүргөн жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева коррупцияны жоймоюнча өкмөттүн убадалары ишке ашарынан күмөн санап жатат.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

"Ишке ашпайт. Арзыбек Кожошев өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына Баткендеги бүгүнкү жыйынды "тарыхтагы өзгөчө күн болду" деп жазыптыр. Мен ал жерге пикир жаздым. Жетекчилерди алмаштырмайынча эч нерсе өзгөрбөйт. Аябай коррупция көп экен Баткенде. Мен бир жылдан бери көрүп жатам да. Акимдер ачыктыкты жаман көрүшөт экен. Эч ким бейөкмөт уюмдар менен иштешүүнү каалабайт. Ошондой башкаруу менен бул бөлүнгөн каражаттар каякка кеткенин таппай калабыз".

Баткен облусунун Тажикстан менен тактала элек чектеш аймактарында куралдуу кагылышка чейин жеткен жаңжалдар катталып турат. Ошондуктан эл бийликтен чек араны чечип, аймактын өнүгүшүнө көңүл бурууну талап кылып келет.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Анда Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10у жараат алганын жазып чыкты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин кескин солгундап кетти. Андагы жаңжалда кыргыз тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн. Бул эки өлкөнүн эгемендик тарыхындагы эң чоң чек ара жаңжалы болуп калды.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519у гана буга чейин такталганы айтылып келет. Акыркы маалыматтарга караганда, 81 чакырым боюнча орток пикир табылганы да айтылууда.

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG