Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды


Иллюстрациялык сүрөт. Кыргыз-тажик чек арасы.
Иллюстрациялык сүрөт. Кыргыз-тажик чек арасы.

Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, эки тараптан бирден чек арачы жараат алганын билдирди. Тажик чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылаганы кабарланды.

Соңку расмий маалыматта, Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп билдирди. Учурда Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согди облусу боюнча башкармалыгыны начальниги Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү өтүүдө.

Сүйлөшүүдө жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча куралдуу күчтөрдү кайра артка чыгаруу макулдашылды. Эки тараптын сүйлөшүүсү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жүрүп жатат.

Расмий маалыматка караганда, аймактагы абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев чек арадагы ок атышууга байланыштуу Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода сүйлөштү. Ал өзү "Азаттыкка" билдиргендей, ок атышуу толугу менен токтоду.

Алимбаев: Чек арадагы ок атышуу толук токтоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

"Ок атышуу жарым саатка жакын созулган"

Расмий маалыматта, 12-апрелде "Лейлек районунун Селкана аймагында коңшу мамлекеттин чек арачылары Кыргызстандын аймагына жыйырма метрдей кирип келгени" айтылды.

"Алар "Чек ара сызыгынан өтпөгүлө" деген эскертүүгө баш ийген эмес. Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок аткан. Жооп иретинде тажик чек арачылары Кыргызстандын аскерлерине ок чыгарган",- деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Бул окуя боюнча Тажикстан эч кандай комментарий бере элек.

Биринчи ок атышууда тажикстандык чек арачы жараат алганы айтылды. Ал эми ок атышуу токтоп, сүйлөшүү жүрүп жаткан маалда кайра атышуу болуп, кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алган.

“Кечки саат 21:17 чамасында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгарышкан. Кайрадан ок атышуу болуп, 30 минутага жакын созулган. Кийинки орун алган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери жаракат алган. Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады. УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин биргелешип кайтарылган чек арада кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга чакырат”,-деп кабарлады Чек ара кызматы.

Кийин тажик тарап Баткендин "Достук" айылын миномет менен аткылоону токтотконун билдирди.

Чыр-чатакта жаракат алган кыргызстандык чек арачынын абалы оор экени кабарланды. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген, дарыгерлер аны операцияга даярдап жатышат.

"Аялдар менен балдар коопсуз жайга чыгып кетти"

“Мындай убакта ар дайым эвакуация болот. Эл өзү дагы кетип жатат. Азыркы учурда аскери өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бүгүн эле акимдер менен жолугушуу болгонун билесиңер. Ушундай болуп кетти. Азыр кырдаал туруктуу бирок, ишенич жок, - деди Лейлектин акими Алмаз Рахманкулов.

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын чек арага жакын Интернационал, Максат айылы жана Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Борбордук, Арка, Жаштык айылдарынын тургундары коопсуз жайга өз алдынча чыгарылып жатканы айтылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлагандай, эвакуациялангандардын саны так эмес.

"Айыл тургундары Лейлек районунун Маргун жана Бешкент айыл аймагына чыгарылууда. Абалды турукташтыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат",-деп айтылат маалыматта.

“Жаштык айылында учурда аялдар менен балдар коопсуз жайга чыгып кетишти. Айылда жалаң эркектер калып, абалды көзөмөлдөп топтошуп турабыз. Жарым сааттай ок атылганы угулуп турду. Кары-картандар, аялдар менен балдар кетишти. Азыр октун үнү угулбай калды. Тажикстан менен чек арадагы Достук, Арка, Борбордук, Максат айылдарында баарында эле абал ушундай”,-деди жергиликтүү тургун Сарвар Турдубаев.

Ал эми Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев учурда Тажикстан менен чек аралаш айылдарда абал туруктуу экенин билдирди. Абалды тиешелүү кызматтар көзөмөлдөп жатат деди ал.

Макулдашууга кол коюлган күнү чыр чыкты

12-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын жолугушуусу өтүп, чыр-чатактарды алдын алуу, чектеш аймактарда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланган. Жыйында чек ара аймактарына кошумча куралдуу күчтөрдү тартпоо боюнча макулдашууга кол коюлган. Ушул эле күнү чек арада ок атышуу катталды.

Эки тараптын жолугушуусу. 12-апрель, 2022-жыл
Эки тараптын жолугушуусу. 12-апрель, 2022-жыл

Мындан толук бир жыл мурун, 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кандуу кагылышуу болду. Эки тараптан тең аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүр менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болуп, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып, өрттөлгөн.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жетти. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады.

Бул окуялардан кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү бир нече ирет жолугуп, кырдаалды талкуулап, чек арада коопсуздукту сактоону, курал колдонбоону макулдашканы кабарланган. Алды менен чек арадагы элдин чарбалык иштерин чечүү үчүн биргелешип иштөө аракеттери көрүлүп жатканы айтылып жаткан эле.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн жылдын май айынан бери чек ара тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени айтылган. Калган бөлүгү негизинен калктуу конуштарга келип такалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG