Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Жер басып алгандарга жаза оорлойт


Ош. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алууну тыюуга багытталган" мыйзамга кол коюп, өкмөткө, укук коргоо органдарына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Ал арада Бишкектин четиндеги конуштарда айдоо жерлерин басып алгандар, мыйзамсыз салынган үйлөргө ээ чыккандар көбөйгөнү айтылууда.

Президент Садыр Жапаров "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка 9-апрелде кол койду.

Жарлыкта өкмөт жана жергиликтүү бийлик соңку жылдары жерлерди өзүм билемдик менен басып алууну тыюу үчүн бир топ чара көргөнүнө карабай, бул мыйзамсыз иштер токтобой жатканы айтылган.

"Соңку жылдары бийлик органдары жер басып алууга каршы чараларды көргөнүнө карабастан, айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу, жер тилкесин көчөнүн, бак-дарак тигилген жерлердин, үйлөргө жанаша жайгашкан аймактардын эсебинен өзүм билемдик менен кеңейтип алуу уланууда", - деп айтылат жарлыкта.

Президент жерди мыйзамсыз басып алууну токтотуу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Алгач жерди ээлеп алууга каршы чаралардын топтому иштелип чыгып, мыйзамда каралган талаптар, жазалар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Андан сырткары жер участокторунун чектерин аныктоо үчүн жеринде кадастрдык тактоо жүрүп, укук коргоо органдары көзөмөлдү күчөтмөй болду.

Ак-Ордо конушунун тургундары менен президент Садыр Жапаровдун жолугушуусу. 22-ноябрь 2021-жыл
Ак-Ордо конушунун тургундары менен президент Садыр Жапаровдун жолугушуусу. 22-ноябрь 2021-жыл

Президент Садыр Жапаров былтыр 15-ноябрда Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулардын жер тилкелери мыйзамдаштырыла турганын маалымдаган. Кийин Ак-Ордо-3 конушундагы жашоочуларга 2022-жылдын 1-майына чейин 11 миңден ашык түтүнгө кызыл китеп берилерин, Кыргызстанда бир да мыйзамсыз үй болбошу керектигин айткан.

2021-жылы "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, жаңы конуштардагы мыйзамсыз салынган турак жайларга документ бериле турганы расмий жарыяланган. Бирок мыйзамдаштыруу ишинин жай жүрүп жатканына, ортодо шылуундардын пайда болгонуна нааразы болгондор бар.

Өткөн аптада Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагындагы конуштардын жашоочулары ушул маселе боюнча бийликке үч талап коюшту.

“Биринчиси - биздин жашап жаткан үйлөрүбүз айтылган мөөнөтүндө мыйзамдаштырылсын. Экинчиси - биздин жолубуз президент убада бергендей оңдолсун. Үчүнчүсү - маселебиз бизге ортомчу, шылуундарсыз жерлерибиздин документтери түз берилсин”, - деп кайрылышты Ак-Ордо конушунун жашоочулары.

Жер маселеси боюнча улам талаш-тартыш чыгып, мыйзамсыз жашап жаткандардын тиешелүү кагаздары жок, бир тилке эки-үч кишиге сатылып кеткен учурлар да көп. Өткөн жылы Сокулук жана Аламүдүн райондорунда 900гө жакын жер басып алуу жана жерге байланышкан алдамчылык фактылары менен иш козголгон.

Бишкектин айланасында ушул учурдан пайдаланып жер соодасы күчөп, мурда айдоо талаасы болуп президенттин тапшырмалары мөөнөтүндө аткарылбай жатат деп нааразы болгондор да бар.

Сокулук районунун Ак-Ордо-3 конушундагы жер чуусун иликтеп жүргөн активист Улук Салмандын айтышынча, документи жок жерлерге ээлик кылгандардын саны арбыды.

“Президент бизге келгенде жаңыдан жер ээленип, үй курулбасын деп айткан. Кээ бир жерлерге дароо таш түшүрүп, үйлөр түптөлүп, анча-мынча жерлердин эки- үчтөн ээси чыгып жатканын айтышууда. Өткөн жылы президент бизге келгенде жолдун курулушун жана жерлердин мыйзамдуулугун чечебиз деген эле. Апрелге чейин үйлөрдүн документи бүтөрүнө көзүбүз жетпей калды. Бир топ жумуш бар. Мыйзамдаштыруу кечиккен сайын шылуундарга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Мисалы, Ак-Ордо-3 конушундагы Айкөл Манас деген көчөдө жайгашкан жети үйдүн маселеси. Аны мурда бир аял саткан да анан кайра дагы бир эжеге саткан. Эми талаш жаралды. Сүрдүрөбүз деп жатышат. Булардын маселеси эмне болот? Ушундайга жеткирбей тездетип чечип коюш керек болчу”.

Новопавловка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, активист Сыргак Майрамбек талаштуу жагдайларды чечүүдө жергиликтүү бийликти сындады.

“Ушундай учурда айыл аймак башчылыгы, күч кызматтары биргелешип дароо ыкчам иш алып барышы керек. Ким күчтүү, ким шылуун, ким алдамчы болсо, ушундай учурдан акча жасаганга жол берилбеши керек. Талаш маселе жаралганда дароо жергиликтүү бийлик тизмеси, картасы, тактоочу кагаздарын карап "бул жер буга таандык" деп айта алгандай болушу керек. Жергиликтүү бийликтин чечкиндүү боло албаганы президентти да уят кылат да. Президент айттыбы, тапшырманы бердиби ошонун негизинде азырга чейин дароо чечкиндүү кыймылдап, маселелерди бүтүрүш керек болчу. Андай болбой жатат бизде".

Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев айтышынча, жерлерди мыйзамдаштырууда бир топ иштер жасалып, ТЭЦ-2 конушунун көйгөйү чечилген. Эми документтештириле турган дагы 15 миң үй бар, бул убакытты талап кылат дейт. Жерди алып-саткан шылуундарга да чара көрүлөрүн, жыл башынан бери эле 13 адам жер мыйзамдарын бузганы үчүн кармалганын эскертти.

Курбанбек Айтибаев
Курбанбек Айтибаев

“Бизге президент койгон тапшырманы аткаруу үчүн катуу иш болду. Башка райондордон да адистерди жардамга алып келдик. ТЭЦ-2 конушу тез бүттү. Эми Ак-Ордо, дагы башка жерлер боюнча тиешелүү кагаздар даярдалып жөнөтүлдү. Жакын арада трансформация аяктаса, бир топ маселеге чекит коюлат. Бул бизде эле 1700 гектар жерди тактап республикага бердик. Бул жерде он беш миң үй бар. Ал бир эки күндө бүтүп калышы мүмкүн эмес. Бирок биз баарын даярдадык. Документтештирүү иштери бүтүп калганга чейин шылуундар акыркы аракеттерин көрүп жатат. Ага жол бербейбиз. Өткөн жылы декабрь айынан кийин курулган үйлөргө документ берилбейт деген эреже айтылса да, дароо үй куруп алгандар жоопко тартылды".

Март айында Жогорку Кеңеш өлкө боюнча мыйзамсыз турак жай курулган 30 миң гектар жерди документтештирүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган. Ал аянтта 105 миң турак жай, 16 миңге чукул пайдубал уруксатсыз тургузулганы расмий айтылган.

Анын ичинде Бишкек шаарынын 48 жаңы конушунда мыйзамсыз курулган 6 миңден ашык үй бар. Документи жок үйлөр Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда көп салынган. Бул жерлер бир нече жыл мурдагы бийлик алмашуулар маалында басып алынып, колдон-колго сатылып кеткени айтылып келет.

Бишкек: "унутта калган" жаңы конуштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:31 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG