Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Курулуштагы кырсыкка ким жооп берет?


"Кубаныч" деп аталган 14 кабаттуу имаратты "KG Восток Сервис" компаниясы куруп жатат.
"Кубаныч" деп аталган 14 кабаттуу имаратты "KG Восток Сервис" компаниясы куруп жатат.

Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кетти. Анда үч киши жараат алды. Жабыркаган үйдүн тургундары курулуш компаниясынын ээлери жана жергиликтүү бийлик эч кандай реакция кылбай жатканын айтып нааразы. Ал эми курулуш компаниясы өз жүйөсүн айтууда.

"Курулуш компаниясы жоопкерчиликке тартылсын"

"Кечээ ылдамдыгы секундуна 17 метрге жеткен жел жүрүптүр. Ошого чыдабай кышы кулап кеткен жаңы курулуштун ээси эмдигиче келип, биздин абалыбызды сурап да койгон жок. Кечээ чатырлары тешилип, дубалдары ураган бөлмөлөрдө жашаган адамдар акыбалы начарлап, дагы ооруканага кайрылып атышат".

Элмира Рыскелдиева Жаш Гвардия бульварында жайгашкан үч кабаттуу эски үйдүн тургуну. Анда жалпы 34 үй-бүлө жашайт экен. Арасында жаш балалуулары жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер да бар. 27-мартта түнкү саат 3:00 чамасында курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн кум кыштан (пескоблок) тургузулган дубалы ураган.

11-кабаттан учкан кыш 34 үй-бүлө жашап жаткан эски үйдүн чатырын талкалап, жыйынтыгында үч киши жабыркаган. Алар учурда ооруканада.

Кумкыш түшкөн бөлмө.
Кумкыш түшкөн бөлмө.

Жаңы курулуп жаткан 14 кабаттуу "Кубаныч" деп аталган курулуштун ээси - "KG Восток Сервис" ишканасы. Жабыркаган үй менен "Кубанычтын" ортосу болгону 2-3 метрди түзөт. Эл жашаган үйдүн дааратканалары жана суу алуучу колонкасы сырттагы короодо жайгашкан. Короодон алыс эмес жерде компаниянын кран мунарасы иштейт. Эски үйдүн тургуну Кубаныч Жолбунов эч кандай коопсуздук чаралары сакталбаганын "Азаттыкка" билдирди:

Жабыркаган үйдүн тургундары.
Жабыркаган үйдүн тургундары.

"Кечээ өзүбүз алапайыбызды таппай, карайлап аткан мезгилде курулуш компаниясынын өкүлдөрү келип, "жыйнап, оңдоп берип салалы" дешти. Бирок биз бул окуя кагаз жүзүнө түшүрүлүп, прокуратура жана башка тараптардан көңүл бурулсун деп, тазалоого уруксат берген жокпуз. Келген жетекчилер да, компаниянын ээлери да эч нерсе чечкен жок. Бүгүн прокуратура келет дешкен, күтүп атабыз, келбеди".

Дагы бир тургун Нурсултан кулаган үйдө курулуш иштери дүйшөмбүдө да уланып, бирок элдин кийлигишүүсүнөн улам токтотулганын айтты:

"Кыш кулаганда жабыркагандарды "Тез жардамга" биз салганбыз. Чоң апасы басалбай калган, бүгүн кызынын оорусу күчөп атыптыр. Кечээ милиция кызматкерлери келишкен, аларга айтып жүрүп, курулушчулардын ишин араң токтотконбуз. Ошол түндө учкан кыштардын айрымдары дагы деле асылып турат. Аларды да алгыла дегенбиз, дагы шамал болсо, алар дагы кулайт. Жумушка да барбай, баарыбыз ушул жерде турабыз, бала-чаканын коопсуздугун ойлоп, кабатыр болот экенсиң. Кечээ бирөөнүн колунан чака түшүп кетип, бүт баарыбыз качып чыкканга даяр болдук, коркуп калыптырбыз".

Жабыркаган үйгө караштуу сарайлар.
Жабыркаган үйгө караштуу сарайлар.

Жабыркагандар жашаган үй 1954-жылы ал кездеги Фрунзе заводунун жатаканасы катары курулган. Тиричилик шарттары короодо. Үйдүн инфраструктурасы да аябай эскирген. Тургундардын айтымында, бул үйдүн ордуна кызыккан курулуш компаниялары көп, бирок тургундар аларга сатууга укуксуз.

Жашоочулардын бири Элмира Рыскелдиева мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

"Биздин үйдөгү бир бөлмөнү ушул компаниянын ээси, депутат Жусуп Коргонбаев сатып алган. Биз баарыбыз башка компанияга сатканга макул болсок да, ал каршы чыгат. Бизге ушул үйүнөн батир берип, анан бул үйдү бузуп, ордуна жаңы там тургузам деген. Бирок минтип эмитен бузулган үйгө кирип жашоого ким макул болот?".

"Квартиранттар эмес, батир ээлери менен сүйлөшүп атабыз"

Бул окуяда аты аталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Фейсбуктагы баракчасына аталган компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, саясатка кетип, депутаттык мандат алгандан тартып аны башкарууну өткөрүп бергенин жазды.

Жусупбек Коргонбай уулу.
Жусупбек Коргонбай уулу.

"Кырсык каш-кабактын ортосунда экен, биринчиден, жабыр тарткан адамдарга бардык жагынан курулуш мекеме жардам берүүсүнө үгүттөйбүз",-деп жазды депутат.

Депутат эски үйдөн бир бөлмө сатып алганын көп кабаттуу курулуштун ээси - "Кейжи Восток Сервис" компаниясынын башкы директору Чыныбек Төлгөбаев ырастады:

"Жусупбек Коргонбаев бул үйдөгү бөлмөлөрдү сатып алайын деген ой менен бир бөлмө сатып алып, ошол боюнча токтоп калыптыр. Себеби, башка тургундар курулуп жаткан үйдөн батирге алмашууга макул болуп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр".


"KG Восток Сервис" компаниясы учурда бузулган үйдүн ээлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, алардын айрымдары бөлмөлөрүн курулуп жаткан имараттагы батирлерге алмашууга макулдугун беришкенин айтууда. Компания жетекчисинин орун басары Изатбек Мазырбаевдин сөзүнө караганда, 27-мартта түндө болгон окуядан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатат:

"Биз ал жердеги квартиранттар менен эмес, батирлердин ээлери менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Алар деле биз менен тил табышып, ишти жакшы жагына чечүүгө кызыкдар".

Кыш тийген бөлмөлөр
Кыш тийген бөлмөлөр

Бирок жабыркаган үйдүн тургуну Кубаныч Жолбунов курулуш компаниясы менен ич ара сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын четке какты.

"Бизди бир-бирден бөлүп, сүйлөшүүгө аракет кылып жатышат. Бирок биз ага көнгөн жокпуз. Бүгүн прокуратура, мэрия, президенттик администрация жана башка тиешелүү жетекчилерге кайрылуу калтырдык. Курулуштагы коопсуздук чараларын сактабаган бул компаниянын ишине тиешелүү баа берилишин талап кылабыз".

Бул аралыкта архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги "KG Восток Сервис" компаниясы куруп жаткан үйдөн толтура мүчүлүштүктөр аныкталганын маалымдады. Агенттиктин архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы Эрнис Алиев Жаш Гвардия - Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине тургузулуп жаткан үйдүн курулушу көп кабаттуу имарат куруу боюнча талаптарга жооп бербейт:

"Кырсык болгондон кийин имаратка барып караган учурда эле толтура мүчүлүштүктөрдү байкадык. Дубалдарды кармоочу түркүктөр талапка жооп бербейт же таптакыр эле жок. Бул курулуш нормаларынын эң эле чоң мүчүлүштүгү", - деген Алиевдин айтуусунда, курулушту улантууга убактылуу тыюу салынды.

Чатыры түшүп калган бөлмө.
Чатыры түшүп калган бөлмө.

Курулуштан кулаган кумкыштан эски эки кабат үйдүн 1-2-кабатындагы 8 батир жашоого жараксыз болгон. Жалпы 105 105 чарчы метр аянт жабыркаган.

2021-жылы Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө 520 лицензия берилген.

Соңку жылдары Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөр көп салынууда. Алардын мыйзамдуулугу боюнча талаш-тартыш чыккан учурлар бар. Буга чейин шаар тургундары мыйзамсыз курулуштарга каршы акцияларды өткөрүшкөн.

Ошол эле учурда башкалаада жашылдандыруу иши колго алынбай, курулуштар чар жайыт жүрүп жатканын сынга алгандар бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG