Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Май куюучу бекеттерден туулган коркунуч, Архитектура берген уруксат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы май куюучу бекеттер менен мунай кампаларынын калк саламаттыгына тийгизген таасири жана айлана-чөйрөгө кооптуулугу актуалдуу бойдон турат. Аларда өрт чыккан учурлар да жок эмес. Шаар тургундары бекеттер менен капмалардын көбү жашоого олуттуу коркунуч жаратарын жана мыйзам талаптарын бузуу менен иштеп жатышканын байма-бай айтып келишет. Маселе азырынча чечиле элек.

Былтыр 21-декабрда Жибек Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күйүүчү май сактаган жайлардын биринде чыккан өрт көйгөйдүн курчтугун дагы бир ирет ачыктады.

Бул өрт күйүүчү май сактаган жайдын жанында тыгыз жайгашкан үйлөрдү да каптап, кампа менен кошо бир үй толук күйүп кетсе, дагы бир турак жай менен жеке бала бакчанын имаратынын жарымын өрт өчүрүүчүлөр сактап калышты. Мунай заттан жана ар түрдүү химиялык каражаттардан техникалык майларды жасап чыгарган бул жай тар көчөдө жайгашкан жана айланадагы үйлөргө тийип турат.

Коңшуларынын айтымында, ал жерде дээрлик 20 жылдан бери күйүүчү майлар идиштерге куюлуп сатылат, буга чейин үч жолу чоң өрт чыккан. Коопсуздугуна кабатыр болгон коңшулар бардык мамлекеттик мекемелерге кайрылып, бирок ишкананы жаптыра алган эмес.

“Биз ӨКМге, мэрияга, шаардык кеңештин депутаттарына кайрылдык. Эч кандай тыянак жок. Эл автобус-автобус болуп келишет, бирок акча менен басып коюшат. Кайра кетип калышат. Ошентип жашап жатабыз. Беш-алты жылдан бери жашообуз аябай коркунучтуу. Качан өрт чыгат деп уйку жок”, - деди жергиликтүү тургун Атыр Ибраева.

Шаар тургундарына кооптуу, бирок уруксат берилген

Бейрасмий маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын аймагында 140тай май куюучу жайлар жана сегиз мунай кампасы бар. Алардын 70% муниципалдык, калган 30% менчик жерлерде жайгашкан. Бул май куюучу жайлар шаар калкы кооптонгон негизги көйгөйлөргө кирет. Алардын калктын саламаттыгына, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, техникалык коопсуздугу өңдүү маселелери чечилбей келет. Мамлекеттик органдар баарын тең көзөмөлгө алып турат деп айтууга болбойт. Анткени, биз кайрылган мекемелердин дээрлик баары муниципалдык жерде жайгашкан 98 мунай бекети тууралуу гана маалымат берип, менчик жерлердеги калган бекеттерди көзөмөлдөй албай турганын моюнга алышты. Алар тууралуу так эсеп да жок.

Бишкек шаарынын Жер ресурстары башкармалыгынын башкы адиси Толкун Мамырзакованын билдирүүсүндө, муниципалдык жерде жайгашкан 27 бекеттин ижара келишими бүткөн. Коопсуздук кеңешинин сунушу менен аларды шаар сыртына чыгаруу маселеси каралууда.

“Мэриянын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгында май куюучу жайлар боюнча 98 ижара келишими бар. Анын ичинде 27 келишимдин мөөнөтү бүтүп калган. Мөөнөтү бүтсө да алар учурда ижара акысын төлөп жатышат. Коопсуздук кеңешинен бул май куюучу жайларды шаардын четине чыгаруу боюнча сунуш түшкөн, прокуратура текшерип жатат. Бул маселе азыр ачык турат”.

Мамырзакова 12 гектар аянтты ээлеген 98 мунай бекети шаар бюджетине жылына 60 миллион сом ижара акы төлөй турганын кошумчалады. Шаар бийлиги жерди колдонуу мөөнөтү бүткөн мунай бекеттерине азырынча башка жактан жай сунуштай элек. Башка аймакка жылдыруу же ижараны узартуу маселеси текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен чечилерин айтышты. Шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча комиссиясынын төрагасы Асылбек Акылбеков Бишкектин башкы архитектурасынын берген документтери талаштуу жагдайды жаратарын, маселени чечүүгө келгенде шаардык кеңештин ыйгарым укуктары чектелүү экенин билдирди.

“Бул маселелер бир эмес, конкреттүү бекеттер боюнча тез-тез көтөрүлүп турган. Мындай окуялар улам-улам болуп жатат. Биз дайыма Бишкектин Башкы архитектурасы тарабынан уруксат берилип, курулуп калган учурларга келип такалабыз. Бир чети, бекеттер ошентип курулуп калган. Экинчи чети, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлар бекеттердин жанына түшүп жаткан жагдайлар да бар. Кимиси туура, кимиси туура эмес экенин талдай келсең, экөөнө тең архитектура тарабынан уруксат берилген болуп чыгат”.

Айткандай эле, кооптуу бекеттердин курулушуна же аларды капталдай жайгашкан турак жайларга да архитектура мекемеси документ берген. Бишкек шаарынын Октябрь райондук башкы архитектору Насип Маматисаев баш калаанын башкы планы боюнча мунай бекеттери жайгашкан жерлер убактылуу берилгенин, турак жай же коомдук имараттар курулса, аларды шаар четине чыгаруу керектигин маалымдады. Архитектордун айтымында, муниципалдык жерде жайгашкан 98 мунай бекетинин 56сында мыйзам бузуулар аныкталып, прокуратурага маалыматтар берилген.

Насип Маматисаев.
Насип Маматисаев.

“Көзөмөл органдары төрт райондо 56 май куюучу бекет боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Прокуратурага тийиштүү маалыматтарды бергенбиз. Талап боюнча май куюучу бекеттин колонкасынан жана жер алдындагы резервуарынан коңшу турган турак жай, аялдама сыяктуу коомдук жайларга чейинки аралык 50 метр болушу керек. Ушул талаптар сакталбагандыктан, прокуратурага бергенбиз. Талаштуу жерлерге башкы пландын негизинде такталган объектилерди куруу жана азыркы иштеп жаткан бекеттерди чет жакка чыгаруу маселеси каралып жатат”.

Прокуратура мыйзам талаптарын бузган бекеттерди аныктап, алар боюнча мамлекеттик мекемелерге сунуштарын берет. Анын негизинде мамлекеттик мекемелер бекеттин курулушка, жерге алган укуктук документтерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылат. Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы Мидин Турмановдун айтымында, мыйзам бузуу катталган 56 бекеттин жетөө боюнча кылмыш иши козголгон, эки май куюучу бекет менен сот иштери жүрүп жатат.

“Өрткө каршы ачык жерлердин жоктугу жана техникалык коопсуздук боюнча кылмыш иштери козголуп, чара көрүлүп жатат. Учурда жети май куюучу бекеттерде ушундай жагдайлар аныкталды. Табылган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иштерин козгоп, прокурордук актыларды чыгарып жатабыз. Кылмыш иштери негизинен архитектура, мэриянын комиссиясы тарабынан документтерди мыйзамсыз берүү боюнча козголгон. Биздин сунуштарыбыздын негизинде мамлекеттик органдар берилген документтерди жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылып атышат”.

Жанаша жайгашкан мунай бекеттерине да, турак жайларга да архитектуралык документтерди берген мекеменин чечимдери талаш жаратат. Кимисинин мыйзамдуу укугу артыкчылыкка ээ экени, документтер кимисине кандай жагдайда берилгени так эмес. Баары өз документтерин мыйзамдуу деп эсептешет.

Өрт кыйган өмүрлөр
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:09:48 0:00

Шаардык кеңештин депутаты Асылбек Акылбеков архитектура мекемесинин берген документтери көп талашка негиз болорун белгиледи.

“Нормаларды бузган деген критерийге жооп бере турган бир дагы май куюучу бекетти билбейм. Андай нерсени эч ким айта албайт. Анткени, май куюучу бекет курулуп, ал жерде май сатылып атса, демек архитектура тарабынан уруксат алган. Демек "нормаларга туура келет" деп берилген да. Ал жерде ар кандай субъективдүү жагдайлар болгон. Иш жүзүндө нормаларга эмес, логикага жатпаган бекеттер аябай көп. Мен билгенден эле окуу жайдын, көп кабаттуу турак жайдын жанында жайгашкан беш-алты бекет бар. Бирок, баарынын архитектурадан уруксаты бар. Алардын кожоюндары иш жүз пайыз мыйзамдуу деп эсептешет”.

Шаар тургундарына кооптуу жагдай жаратканына карабай мунай бекеттеринин турак жай жана калк жыш жайгашкан коомдук жерлерге жайгашуусуна уруксат берип жатышканы кабатырлантат. Суроолор негизинен архитектура жана курулуш агенттигинин дарегине тиешелүү.

Эксперттер курулуш жаатында чоң каражат айлангандыктан, жемкордук жана бийлик таасири көп колдонуларын айтышат. Кезегинде мамлекеттик курулуш агенттигин жетектеген Ишенбай Кадырбеков бул тармактагы жетекчилердин кесипкөй эместиги менен жемкордукту шаар куруудагы негизги көйгөй деп эсептейт.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

“Жанагыдай мунай бекеттери курулуп, мыйзам талаптарын аткарбай жатканы Мамлекеттик курулуш агенттигинде иштеген адамдардын шаар куруу иштеринен түшүнүгү жоктугунан болуп жатат. Бул эмнени түшүндүрөт? Биринчиден, бул тармакта кесипкөй адамдардын иштебегенин билдирет. Экинчиден, курулуш тармагында чоң акчанын айлануусу болуп жаткандыктан агенттикте ишин билбеген, принциби жок адамдардын жемкордук схемасынын негизинде уруксат бергендигинен жана көзөмөлгө албагандыгынан болуп жатат. Мамлекеттик кызматта иштеп аткан адамдар мыйзамды, нормаларды бузуп отурса, муну жемкордук деп коёт. Ошолорго уруксатты жөн берген жок да”.

Мындан тышкары, Экологиялык-техникалык инспекциянын ишмердигине да сын көп айтылат. Акыркы реформалардын алкагында Экотехинспекция өз алдынча мекеме катары жоюлуп, Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине карап калган. Макала даярдалып жаткан учурда аталган мекеме менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адиси Бакыт Дыйкановдун айтымында, мунай бекеттеринин ишмердигиндеги санитардык кооптуулукту жоюуда алардын ыйгарым укуктары чектелип калган:

“Биз аларды жаба албайбыз, ага ыйгарым укуктарыбыз жок. Өзүбүздүн ыйгарым укуктарыбыздан аша албайбыз, кандай укук берилген болсо ошонун негизинде гана иштейбиз. Айып пул салабыз, андан башка эч нерсе кыла албайбыз”.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адистеринин ырасташынча, бекеттердин резервуарына майды куюп атканда, автоунааларга куйганда же жерге төгүлгөндө абага бууланып, адамдын саламаттыгына катуу таасир берет. Төгүлгөн 300 грамм бензин 200 метр куб абаны бузат. Бензиндин буусу менен дем алганда адамда баш оору болот, уйкусу бузулат, жүрөгү айланып кусат. Өтүшүп кеткенде дем алуусу бузулат, эс-учун жоготот, курч өнөкөт ооруларды козгойт. Бензиндин уусу борбордук нерв системасына таасир этет.

Шаар сыртына чыгарууга эч кимдин алы жетпейт

Бишкектин ичиндеги мунай бекеттеринин жарымынан көбү мыйзам талаптарын одоно бузуу менен иштегенине карабай, качан аларга чечкиндүү чара көрүлгөнүн эч ким эстей албайт. Мунун себебин парламентте, аткаруу бийлигинде жана муниципалдык органдарда отурган таасирдүү адамдардын аракетинен көргөндөр бар. Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, депутаттык мандатка акча аркылуу жеткен адамдар өз бизнесин ойлойт.

“Карап көргүлөчү, бүгүн кимдер депутат болуп келе жатат? Алар кандай акчалар менен элдин добушун сатып алууда? Ал асмандан түшкөн акча эмес да. Бул чоң бизнес кылып аткан адамдар. Бүгүн эң чоң бизнес – бул курулуш бизнеси”.

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай, коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, байланыш жана экология боюнча комиссиясынын төрагасы Рысбай Аматов мунай бекеттеринин жараткан көйгөйү көп жылдардан бери көтөрүлүп келатканын айтып берди. Бирок, муниципалдык бийликтин аларды шаар сыртына чыгаруу аракеттеринен майнап чыкпай келет.

Рысбай Аматов.
Рысбай Аматов.

“Бул маселе 2014-жылы башталган. Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен күйүүчү май куйган жайларга жер берүүгө беш жылдык мораторий коюлган. Борбордо жайгашкан мыйзам талаптарына туура келбеген, кооптуу делген бекеттерди сыртка чыгаруу каралган. Бир-экөөнү чыгарганга аракет кылып, иш башталган. Азыркы учурда ошол маселенин актуалдуулугу кайра жаралды. Бир эле мисал, Исанов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куюучу жай. Ал жерде жашаган тургундар бизге бир нече жолу даттануулар менен келген. Үйлөргө жайында бензиндин жыты келет экен. Ал боюнча бир нече отурум болуп, чечүү үчүн тапшырмалар, мөөнөт берилген. Ошол боюнча аткарылбай, чоюлуп келатат”.

Маалымат айдыңында шаар ичиндеги мунай бекеттеринин кооптуулугу тууралуу көп жазылат. Активисттер жана жергиликтүү тургундар нааразылык акцияларына чыгып, бийликти чара көрүүгө чакырышат. Бирок, калкка кооптуу жагдайды жараткан мунай бекеттерин башка аймакка жылдырган же кемчиликтерди жойгон учур көрүнө элек. Мунай компанияларынын ишмердигин көзөмөлгө алып келаткан жарандык активист Акжолтой Тукунов маселени чечүү үчүн аларды шаар сыртына чыгарууну сунуштады:

“Мунун баары шаар сыртында болушу керек болчу. Союз маалында бүт мунай бекеттери сыртта эмес беле. Килейген Нью-Йорк шаарынын ичинде 40ка жетпеген эле мунай бекети иштейт экен. Бизде кичинекей шаарда алар 100дөн ашат. Өтө кооптуу. Мисалы, бирөө келип бир эле бекетке өрт коюп кетсе, анын жанында 50 метрден ашпаган аралыкта маңдай-тескей экинчи мунай бекети турат”, - дейт жарандык активист.

Бишкек мэриясынын алдындагы Экологиялык кеңеш буга чейин шаар ичиндеги мунай бекеттери жана кампалары боюнча маселени караган эмес. Аталган кеңештин катчысы Адил Назаров жакында чыккан өрт мамлекеттик мекемелердин бул көйгөйгө олуттуу кароосуна түрткү берет деген ишеничин билдирди.

“Мунай бекеттери менен кампалар шаардын четинде болушу керек. Турак жайлардан канча метр алыстыкта болушу керектигин аныктаган регламенти бар да. Бизде карасаңар, ушундай мунай кампалары көп. Жакында мунай кампасындагы чыккан өрт прецедент болду. Тиешелүү мекемелер өздөрүнүн сунуштарын берет болуш керек. Балким көчүрүшөөр...Анткени, алар көп кабаттуу үйлөргө, жалпы калктын ден соолугуна, коопсуздугуна коркунуч келтирет”.

Май куюучу бекеттерге байланышкан көйгөй буга чейин да такай көтөрүлүп келген. Шаар тургундары турак жайынын так түбүндө, мектеп, бала бакчаларга жакын аймакта жана коомдук жайларга туташ жерлерде иштеп жаткан бекеттерди башка жакка көчүрүү талабын көтөрүп келишет.

Мындан улам, 2019-жылы Бишкек шаардык кеңеши баштаган муниципалдык бийлик менен мамлекеттик тийиштүү мекемелер мунай бекеттеринин маселесин караган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө башкалаадагы жашыл аймактар, турак жайларга жакын жерлер, дарыялардын, каналдардын жээктеринде жайгашкан мунай бекеттери көп экендиги аныкталган.

Ал кезде Ленин районунда 22, Биринчи май районунда 8, Свердлов районунда 18, Октябрь районунда 20 мунай бекети санитардык талаптар менен техникалык коопсуздук эрежелерин сактабаганы аныкталган. Сегиз мунай кампасынын экөөсү турак жай жана коомдук имаратка жакын жайгашканы айтылган. Ошондон бери бул көрүнүш өзгөргөн жок, бүгүн дагы ушул эле сандар айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG