Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Баткенде чек ара чырында эвакуация болгондор үйлөрүнө кайтышты


Достук айылы. 13-апрель, 2022-жыл.
Достук айылы. 13-апрель, 2022-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек жана Баткен райондорунун 708 тургуну туруктуу жашаган жерлерине жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Тууган-туушкандарыныкына жайгашкан 17 миң 799 киши үйлөрүнө өз алдынча келишти.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү алгач Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде, 13-апрелде ок атышуу болгон Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолугушуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашты.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирди. Алардын экөө аскер кызматкери.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазды. (BTo)

XS
SM
MD
LG