Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Алмазбек Атамбаев башка абакка которулары кабарланды


Алмазбек Атамбаев сотто.
Алмазбек Атамбаев сотто.

Бишкектеги №47 абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келерки аптада башка колонияга которулат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирип, анын кайсы абакка которулары азырынча белгисиз экенин айтты.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова азырынча маалымат жок экенин, мурдагы президентке соттун өкүмү чыкса жасаган кылмышынын оордугуна карата жаза өтөй турган абак тандаларын билдирди.

2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга абакка кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып турган Атамбаев 2020-жылдын 27-октябрында №47 абакка которулган.

2020-жылы октябрь окуяларындагы башаламандыктарда Атамбаев абактан бошотулуп, кайра кармалгандан кийин анын адвокаттары сотко кайрылып, Жогорку сот 2020-жылдын 30-ноябрында “Батукаевдин ишин” кайра кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Былтыр октябрь айында Жогорку сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, Алмазбек Атамбаевге карата “Батукаевдин иши” боюнча өкүмдү кайра күчүнө киргизген.

Алмазбек Атамбаев 6-апрелде Октябрь окуялары боюнча сот отурумунан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүн Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 колонияга которууну тиешелүү жетекчилерден суранганын билдирген. Ал бул чечимге №47 колониядагы өтө оор шарт жана орой мамиле себеп болгонун айткан.

Өкмөт буга чейин №47 абакты толугу менен бузуп, анда кармалган соттолуучулар жасалган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык башка атайын мекемелерге которуу чечимин кабыл алган. Жаза аткаруу кызматы Атамбаевдин айланасындагы окуялар бул иштерге байланышы жок экенин билдирди.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз берүү деген айыптар тагылган.

Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG