Дүйнөлүк саламаттык уюмунун акыркы эсептөөсү боюнча, Кыргызстанда 18 жаштан жогорку калктын 56,2% ашыкча салмакта.
Аялдарда бул көрсөткүч жогорку деңгээлде.
25 жаштан 64 жашка чейинки калктын 43% артериалдык кан басым оорусу менен жабыркайт.
Мындай маалымат 13-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги менен эл аралык уюмдар өткөргөн "жугуштуу оорулардын алдын алууга" багытталган форумда айтылды.
Жалпысынан элдин 23,1% ашыкча салмактан жабыркай турганы белгилүү болду.
Жыйында жүрөк, кан тамыр оорулары, кант диабетинен каза болгондор жалпы өлүмдүн 80% жеткени айтылды. Кыргызстандыктар тузду жалпы белгиленген стандарттан 2,5 эсеге көп колдонору аныкталды.
13-апрелге карата өлкө калкы 6 млн. 705 529 деп эсептелди. Күнүнө 107 киши каза болуп, 400дөн ашуун наристе төрөлүүдө. (BCh)