Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Чек арадагы жаңжалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү уланып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин таңкы саат 7де “Азаттыкка” билдирген маалыматына ылайык, чек арадагы соңку ок атышууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктай элек. Аймакта абал салыштырмалуу туруктуу.

Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү 13-апрелге караган түнү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде башталган.

Тараптар алгач жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча күчтөрдү кайра артка чыгарууну макулдашканы маалымдалган.

Тажикстан соңку окуя жана сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, баштапкы маалымат боюнча тажик тараптан бир чек арачы жараат алганы айтылган.

“Азаттыктын” тажик кызматы жеке булактарына таянып анда 27 жаштагы жоокер жаракат алып, операция жасалып жатканын жазган.

Кийин тараптар сүйлөшүү жүргүзүп жатканда ал жерге кошумча күч катары барган Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарган деп кабарланды. Жарым саатка созулган атышууда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алды жана абалы оор экени айтылды. Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганы маалымдалды.

Дүйшөмбү бул окуялар тууралуу расмий комментарий бере элек. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG