Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:13

Чек ара кызматы: кошумча тартылган күчтөр артка кайтарылууда


Иллюстрациялык сүрөт. Баткен, Ак-Сай айылы
Иллюстрациялык сүрөт. Баткен, Ак-Сай айылы

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп билдирди. Учурда Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү өтүүдө.

Анда жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча куралдуу күчтөрдү кайра артка чыгаруу макулдашылды. Эки тараптын сүйлөшүүсү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жүрүп жатат.

Расмий маалыматка караганда, аймактагы абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

Алимбаев: Чек арадагы ок атышуу толук токтоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, баштапкы маалымат боюнча тажик тараптан бир чек арачы жараат алганы айтылган.

Кийин тараптар сүйлөшүү жүргүзүп жатканда ал жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарган деп кабарланды. Жарым саатка созулган атышууда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алган. Анын абалы оор экени айтылды. Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганы маалымдалды.

Ок атышууда тажикстандык 27 жаштагы жоокер жаракат алып, операция жасалып жатканын жеке булактарына таянып “Азаттыктын" тажик кызматы жарыялады.

Бул окуя боюнча Тажикстан эч кандай расмий комментарий бере элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG