Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Тегеран "Талибандан" Ирандын консулдуктарын коргоону талап кылды


Ирандын Гераттагы консулдугун таш менен ургулап жаткан оогандыктар. 11-апрель, 2022-жыл.
Ирандын Гераттагы консулдугун таш менен ургулап жаткан оогандыктар. 11-апрель, 2022-жыл.

Тегерандын Ооганстандагы консулдуктарына жасалган кол салууга байланыштуу Кабулдун убактылуу ишенимдүү өкүлү Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары 12-апрелде жазышты. Министрлик "Талибандан" Ооганстандагы Ирандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн коргоону талап кылды.

Буга чейин Ирандын Гераттагы консулдукту таш бараңга алынып, айрым бөлүгү өрттөлгөн. Ушундай эле окуя Кабулдагы консулдукта болгон.

Буга "ирандык чек арачылар ооган качкындарды сабап жатат" делген ырасталбаган видеонун социалдык тармактарга тарап кетиши түрткү болгон.

Ирандын Кабулдагы элчилиги "негизсиз жана далилсиз" видео эки тараптын алакаларына доо кетирүүгө багытталганын билдирди.

Талибдер бийликти басып алган 2021-жылдын август айынан бери Иранга беш миллиондой ооганстандык жаран кире качкан.

Эки мамлекеттин чек арасынын узундугу 900 чакырымды түзөт. Тегеран "Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) бийлигин расмий тааныган эмес. (EzK)

XS
SM
MD
LG