Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Кыргыз-тажик чек арасында эки күндө аткезчилердин төрт жүгү кармалды


Чек ара кызматынан билдиришкендей 10-11-апрелде Лейлек районда чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган төрт учур катталган.

Алар негизинен Тажикстандын аймагына кондитер азыктарын, Кыргызстандын аймагына жашылча-жемиш алып кирүү аракети болгон. Жалпысынан эки күн аралыгында кармалган аткезчилик жүктүн көлөмү алдын ала эсептөөдө 1 млн. 400 сомго бааланган.

Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташып кетүүгө аракет кылып жатканын 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген.

Ал Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жатканын айткан.

Статистикага ылайык, Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар экени айтылып келет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG