Германиянын медиакомпаниясы өткөн айда Орусиянын «Биринчи канал» мамлекеттик телеканалынын мурдагы редакторун ишке алды. Ал өткөн айда түз эфир маалында Орусиянын Украинага басып киргенине каршылыгын билдирген.
Мария Овсянникова немистердин Die Welt компаниясына штаттан тышкары кабарчы болуп орношконун медиа мекеме 11-апрелде билдирди.
43 жаштагы Овсянникова Украинадан, Орусиядан репортаждарды жасап турат.
Марина Овсянникова 14-мартта “Время" программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артына туруп: "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат" деген плакатты көтөргөн. Ал "Согушту токтоткула!" жана "Согушка жол жок!" деп кыйкыра баштаганда режиссёрлор эфирди башка сюжеттин кадрлары менен жабууга аргасыз болушкан.
Мунун алдында Овсянникова видеокайрылуу жазып, анда Украинага жасалган баскынчылыкты айыптаган. "Бул - кылмыш, Орусия агрессор өлкө жана бул кол салууга бир гана киши - Владимир Путин жооптуу" деген ал. Кийин ал кармалып, 14 сааттан ашык сурак берип чыккан.
Москванын Останкино соту Овсянниковага карата “Орусия армиясын дискредитациялоо” боюнча кылмыш ишин каттаган. Жараян 14-апрелге дайындалган. Ага 50 миң рублге чейин айып пул салынышы мүмкүн.