Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

АКШ Балкан мамлекеттериндеги жети адамга санкция киргизди


Түндүк Македониянын мурдагы өкмөт башчысы Николу Груевски. 2019-жыл.
Түндүк Македониянын мурдагы өкмөт башчысы Николу Груевски. 2019-жыл.

Кошмо Штаттар Балкандагы төрт мамлекеттеги жети адамга "жемкорлук, кылмыштуу ишмердүүлүк жана башка аракеттери менен аймактын стабилдүүлүгүнө коркунуч жаратып жатат" деген айып менен санкция киргизди. Бул тууралуу Американын Каржы министрлиги 11-апрелде билдирди.

"Кара тизмеге" киргендерин арасында Монтенегронун Демократиялык партиясынын төрага орун басары Светозар Марович бар. Ал 2015-жылы курулуш долбоорлорундагы жемкорлукка шектелип камалган. Көп өтпөй, ал күнөөсүн мойнуна алып, шарттуу бошотулары менен Сербияга качып кеткен. Монтенегронун бийлиги Маровичти кайтып, сот алдында жооп берүүгө чакырды.

Санкциялар Албаниянын мурдагы депутаты Акиф Ракипиге, медиа магнат Илли Ндрокиге, Босниянын расмий адамдары Асим Сарайлич жана Гордана Тадичке да киргизилди.

Ракипи 2018-жылы прокуратура анын кылмыштуу топко катыштыгы бар экенин аныктагандан кийин депутаттык мандаттан ажыраган. Ндроки өз медиа каражаттарын аркылуу жарандарды опузалап, акча алуу үчүн колдонуп келгени маалым болду.

Сарайлич - Босния парламентинин мүчөсү. АКШнын Каржы министрлиги билдиргендей, ал мамлекеттик BH Telecom компаниясына каршы кызматынан кыянаттык менен пайдаланган.

Тадич жакында эле баш прокурорлуктан кеткен. Ал өз кызматын жеке жана үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгында пайдаланганы үчүн санкциялык тизмеге киргизилген. Тадич "Азаттыктын" Балкан кызматына бул ал үчүн күтүүсүз жана таң калыштуу болгонун билдирди.

Ошондой эле санкиялар Түндүк Македониянын мурдагы өкмөт башчысы Николу Груевски менен чалгын кызматынын мурдагы жетекчиси Сашо Миялковго да салынды.

"Кара тизмеге" киргизилген адамдардын Америкадагы бардык активдери камакка алынат жана мындан ары алар америкалык компаниялык менен кызматташа алышпайт. Айрымдарына Америкага кирүүгө да тыюу салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG