Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Балыкчыда Орусиянын учактарынын машыгуусу өтүп жатат


Бишкектен анча алыс эмес Кант шаарында Орусиянын аскер базасы бар. 
Бишкектен анча алыс эмес Кант шаарында Орусиянын аскер базасы бар. 

Бул тууралуу Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаардык мэриясы Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Анда "Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн окуу жылынын күжүрмөн планынын негизинде 2022-жылдын, апрель айынын 1,5,8,12,14, 15,19,21,22,26,28 жана 29 чейин 20636 Аскер бөлүгүнүн окуу борборунун талаасында Орусиянын учактарынын күжүрмөн учуу машыгуусу өткөрүлөт. Убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз" - деп жазылган.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги дагы, Орусия дагы бул машыгууга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Бишкектен анча алыс эмес Кант шаарында Орусиянын аскер базасы бар.

Өткөн айдын аягында Балыкчыда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн "Калкан-2022" атайын тактикалык машыгуусу өткөн. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, аймактагы ар кандай коркунучтардын алдын алуу иш-аракеттерин коңшу мамлекеттер менен чогуу жүргүзүү керек деп эсептерин билдирди.

Бул машыгууда кыргыз аскерлери “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын колдонгон. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG