Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:44

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүү уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 12-апрелдеги жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу депутаттын суроосуна жооп берди. Анда үч тараптуу сүйлөшүү уланып жатканын, тактай турган маселелер бар экенин айтты.

"Ким курат, кайсы тараптан курат жана баасы боюнча бир топ сүйлөшүүлөр болуп жатат. Андан сырткары жолдун туурасы боюнча дагы маселелер бар. Аны биз кошуна мамлекеттер менен дагы макулдашуубуз керек", -деди Тиллаев.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Февраль айында Бээжинде президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушуусунда темир жолдун курулушу жөнүндө сөз болгон.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар. Кыргызстан темир жолду Ат-Башы районундагы Торугарт ашуусу аркылуу өткөрүп, Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстанды эки жагын байланыштыргысы келет. Ал эми Кытай менен Өзбекстан темир жолдун кыска багыты Эркечтам ашуусу аркылуу өтүшүн каалайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG