Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Азамат Сакиев: вагондор сатылган фактыны иликтөө аяктай элек


Мыйзамсыз талкаланып, сатылган деп шектелип жаткан темир жол вагондору. Финансы полициясы берген сүрөт.
Мыйзамсыз талкаланып, сатылган деп шектелип жаткан темир жол вагондору. Финансы полициясы берген сүрөт.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башчысы Азамат Сакиев 12-апрелде парламенттин тармактык комитетинде 2020-жылы октябрда вагондордун сатылышына байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу депутаттын суроосуна жооп берди. Анда бул колдонуудан чыккан вагондор болгонун, тергеп-иликтөө аяктай электигин айтты.

"Вагондордун эскилиги жетип, колдонуу мөөнөтү аяктаганда Транспорт министрлиги жана Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду менен бирге комиссия түзүлөт. Анда мамлекеттик сатып алуулардын алкагында аукцион өткөрүп, баасын аныктап, андан кийин колдонуудан чыккан вагондорду сатууга уруксат берилет. Жогорудагы вагондорго байланыштуу ушундай жол-жоболор жасалган эмес. Ошондуктан кылмыш иши козголгон",-деди Сакиев.

Мындан эки жыл мурда ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы (Финполиция) "Кыргыз темир жолунун" Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын жетекчиси камакка алынганы билдирген. Ага "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген берене менен айынп коюлган.

Финполиция анда ишкананын жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу үчүн тиешелүү уруксат кагаздары жок, темир жол вагондорун мыйзамсыз талкалап салышкан. Натыйжада бюджеттен ири көлөмдө зыян келтирилген", деп маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG