Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

"Жашыл мурас": мекемелер тигилген көчөт тууралуу ай сайын отчет берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Азамат Темиркулов "Жашыл мурас" улуттук долбоору тууралуу маалымат берди. Ал 12-апрелде басма сөз жыйынында мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгынын алкагында ар бир мамлекеттик орган-мекемелерге тапшырмалар, документ берилгенин билдирди.

"Ар бир мамлекеттик орган тигилген көчөттөр тууралуу ар айдын 5не чейин Токой чарба департаментине отчет жөнөтүп турушу керек. Бул бир дагы тал көзөмөлсүз калбашы үчүн керек. Мы ар бир көчөткө жетиштүү кам көрүлүшүнө көзөмөл жүргүзөбүз. Бир дагы тал кароосуз калбайт",-деди Темиркулов.

Садыр Жапаров 12-мартта Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган.

Анын алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында көчөт отургузуу иш-чарасы өтүп, ага эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, мамлекеттик жана муниципиалдык органдардын өкүлдөрү катышкан. "Жашыл мурас" өнөктүгү бүтүндөй өлкөдө жыл сайын белгиленчү салтка айланып, ар жылы беш-алты миллион даана көчөт отургузулары айтылган.

Ошондон тартып бир айдан бери дээрлик бардык министрлик, мамлекеттик мекеме-органдар жапырт көчөт тигип жатат.

XS
SM
MD
LG