Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:14

"Тамак-ашсыз калдык": Шанхайдагы катаал карантин


Шанхай. 30-март 2022-жыл.
Шанхай. 30-март 2022-жыл.

Кытайдын ири бизнес борбору – Шанхай шаарынын бийлиги айрым чөлкөмдөрдө коронавируска байланышкан чектөөлөр акырындык менен алынарын 11-апрелде билдирди. Үйүнөн чыгууга тыюу салынган жергиликтүү тургундар тамак-аш, дары-дармек тартыш болгонуна нааразылыгын айтууда.

Ээн калган көчөлөр, учактар менен ташылып келген жүк, жабык турган кеңселер менен дүкөндөр, катаал карантинден чаалыгып-чарчаган эл. Дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө мындан эки жыл мурун өкүм сүрүп келген көрүнүш Кытайдын эң ири шаары Шанхайга жетти.

2019-жылы Уханда коронавирустун жаңы түрү аныкталгандан бери Кытай мындай кризиске кептеле элек болчу.

Шанхай шаары. 28-март, 2022-жыл.
Шанхай шаары. 28-март, 2022-жыл.

28-марттан бери дээрлик 26 миллион калктуу калаанын тургундары катаал чектөөлөрдүн шартында, тамак-ашка, дары-дармеке жете албай, үйлөрүндө камалып, толук изоляцияда жашап келатат. Бийлик эң керектүү товарларды онлайн платформалар аркылуу жеткирүүнү уюштурган. Бирок маалымат каражаттары жазганына караганда, буйрутма жеткирүү үзгүлтүккө учурап же бир нече күндөп күтүүгө туура келгенин, жээрге тамагы жок калганын айтып социалдык тармактар аркылуу арыздангандар, нааразылыгын билдиргендер көбөйдү.

Жергиликтүү Weibo деген социалдык түйүндүн бир колдонуучусу атүгүл "ачка болуу кандай экенин биринчи жолу жон териси менен сезгенин" айтып берген.

Ютуб, Твиттерде дагы азык-түлүксүз, кирешесиз калган кишилердин посттору жарыяланып келатат. Дүйшөмбүдө бир суткада инфекцияланган дагы 25 миң киши аныкталганына карабай, бийлик чектөөлөрдү акырындык менен аларын жарыялады.

Инфекция аныкталгандардын көбүндө илдеттин белгилери байкалбаганын кошумчалай кетели. Буга карабай аларга үйлөрүнөн чыгууга урксат берилбей, ооруканаларга жөнөтүп жатышат.

"Вирусту жуктуруп алгандар аныкталары менен ал бейтаптар дароо ооруканаларга жеткирилүүгө, кечиктирилбестен улуттук деңгээлде жактырылган 9-протоколго ылайык, Кытайдын салттуу медицинасынын жана дары-дармектин жаңы түрлөрүнүн негизинде дарыланууга тийиш. Муну менен илдеттин өтүшүп кетишин жана адам өлүмдөрүн алдын алууга болот", - деп билдирген 5-апрелде Шанхайдын муниципалдык өкмөтүнүн баш катчысынын орун басары Гу Хонгуи.

Шанхайдагы оорукана. 9-апрель 2022-жыл
Шанхайдагы оорукана. 9-апрель 2022-жыл

Расмий маалыматка ылайык, шаарда 160 миң бейтап үчүн 100дөн көп убактылуу оорукана курулган. Шанхайга өлкөнүн башка жерлеринен эки миң аскер жана 38 миң медкызматкер жөнөтүлгөн.

Байкоочулар медициналык жайлар бейтаптарга толуп, көбүнүн шарттары стандарттарга жооп бербей турганын айтып жатышат. Маалыматтарга караганда, коронавирус табылган наристелерди, атүгүл бир нече айлык ымыркайларды ата-энелеринен ажыратып, шарттары начар ооруканаларга жаткыруу практикасы чоң нааразылыкка алып келди.

Кийинчерек гана бийлик айрым жеңилдиктерди берди. Бул тууралуу 7-апрелде шаардын Саламаттык сактоо комиссиясынын өкүлү Фу Цзянью маалымдады:

"Өзгөчө жардамга муктаж балдардын ата-энелери же камкорчулары арыз жазып, илдетти жугузуп алуу тобокелчилигинен кабардарбыз деген тил катка кол койгондон кийин ооруканага коштоп бара алышат".

Өткөн ишембиде АКШ өз жарандарына Кытайга барууну кайра карап чыгуу кеңешин берип, COVID-19га байланышкан катаал чараларды, балдарды ата-энелеринен ажыратуу ыктымалдыгын эскерткен.

Кытай Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү “негизсиз айыптоолорго нааразылыгын” билдирип, өлкөнүн эпидемияга каршы эффективдүү саясаты илимге таянарын, Шанхай жана башка шаарлар илдеттин бул толкунун жеңерин айтты.

Коронавирустун “омикрон” түрү Шанхайда жайыла баштаганына бир айдан ашты. Алды менен бир нече район карантинге жабылып, кийин толук локдаун киргизилген.

Бул шаар мындан эки жыл мурун Кытай бийлигинин пандемияны ооздуктоосунун үлгүсү катары каралып келген. Жапырт тест тапшыруу, СOVID-19дун очогун дароо изоляцияга алуу менен адам жоготууларын азайтууга, башка өлкөлөр менен салыштырмалуу экономикалык өсүшкө жетишилген. Президент Си Цзинпиндин Кытайдын социалдык системасы Батыштын демократиясына караганда артыкчылыктуу болуп чыкты деп айтканы бар.

Коронавирус эч жакка кетпейт, аны менен жашоону үйрөнүш керек деген ойго баш ийген калган өлкөлөрдөн айырмаланып, Бээжин бул илдетти түп тамыры менен жоюу саясатын жүргүзүп келатат.

Бирок, айрым эксперттер мындай стратегия медициналык системага, экономикага чоң күч келтиргенин, үстүбүздөгү кварталда экономикалык өсүш болбошу ыктымал экенин белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG